Чолпон Талипбек 2600$га пластикалык операция жасатты

Чолпон Талипбек 2600$га пластикалык операция жасатты
28-Сен. 2018, Жума, 14:11

«Non stop» тобунун мурдагы ырчысы Чолпон Талипбек көкүрөгүнө пластикалык операция жасатты. Бул тууралуу ал знн Инстаграм социалдык баракчасына жазды.

Ырчы көкүрөгүн чоңойтуу үчүн бир жыл ойлонуп анан чечим кабыл алганын айтат.

«Негизи мага мурда менин көкүрөгүмдүн өлчөмү жакчу. Бирок, арыктаганымдан кийин өтө эле кичирейип кетти. Арыктаганда эртең менен пайдалуу майларды ичип турса көкүрөк формасын жоготпостугу белгилүү, бирок диетанын артынан кескин салмак таштадым. Бир иш-чарада бир кыздын көкүрөгү жакты. Кийин анын балалуу болуп, баласын эмизип жүргөнүн да көрдүм»,-дейт ал.

Айта кетсек, ырчы биринчи Казакстанда операция жасатмай болгон, кийин Кыргызстандагы клиникалардын биринен көңүлүнө толгон дарыгер тапкан. Ал операция 2600 доллардан өйдө турганын, ал эми имплант баасы 600 доллардан башталып, 3 миң сомго анализ тапшырганын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!