Стас Пьеха баңгизат колдонгонун моюндады

Стас Пьеха баңгизат колдонгонун моюндады
1-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 14:45

Россия эстрадасынын сыймыгы Эдита Пьеханын небереси, 38 жаштагы ырчы Стас Пьеха, “Судьба человека" теле берүүсүнүн коногу болду. Ал эфирде баңгизат колдонгонун моюнга алып, жашоо менен өлүмдүн ортосунда калганын айтып берди.

Артист эрте эле ичип, чегип баштаган. Андан кийин анын жашоосунда баңгизат пайда болгон.

"Мен ар дайым чыңалууда жашадым, бирөөнө бир нерсени далилдешим керек деп ойлогом. Ушуга байланыштуу агрессивдүү болдум, спирт ичимдиктери жана тыюу салынган заттар пайда боло баштады. Азыр жашап жатканымдын өзү керемет. Менде үч реанимация жана инфаркт болду. Мен көп жолу өлүм оозунда болдум”,-дейт Стас.

Пьеха бул зыяндуу нерсени жеңе алды. Ал эки жыл бою батиринен чыкпай жашаган. Жыйынтыгында жашоосунда музыка пайда болду - бул анын куткаруучусу болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!