Жогорку Кенештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун уулу Бекболот үйлөндү. Бул тууралуу тамада Санжар Мыкыев менен алып баруучу Нурзат Токтосунова өздөрүнүн социалдык баракчаларына жазып чыгышты.
Үйлөнүү той 28-сентябрь күнү "Ала-Тоо" ресторанда болуп өттү. Бекболоттун келинчегинин аты Камиля. Ал казакстандык кызы экени маалым болду.
Үйлөнүү тойго Кыргызстандын саясатчылары, коомдук ишмерлери келишти.
Эки жашка "Раим-миллион" деген аты менен белгилүү болгон Раимбек Матраимов өкүл ата болду.
Тойго белгилүү Дильназ Ахмадиева, Согдиана менен бирге эле кыргыздын атактуу ырчылары да келишип,тойдун көркүн чыгарып өз өнөрлөрүн тартуулашты.