Гүлжигит Калыков эл аралык фестивалга катышат

Гүлжигит Калыков эл аралык фестивалга катышат
2-Окт. 2018, Шейшемби, 15:26

Евразия жылдызы Гүлжигит Калыков Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтө турган эл аралык фестивалга катышууга кетти. Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасына жазып чыкты.

Калыковдун билдирген маалыматына ылайык бул фестивалга 22 өлкөдөн өнөрпоздор келип катышканы турат. Гүлжигиттин күйөрмандары "фестивалдан ийгилик менен кайтып кел" деген каалоо-тилектерин калтырышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!