Джастин Бибер ата болот

Джастин Бибер ата болот
2-Окт. 2018, Шейшемби, 23:37

Канаданын поп-R&B ырчысы Джастин Бибер акыркы күндөрү өзүнүн куйөрмандарын байма бай кызыктырып келет. Башында ал өзүнүн сүйүктүүсү Хейли Болдуин анын мыйзамдуу аялы болгонун шектентип жүрсө, ал эми азыр болсо Джастин сүйлөшкөн кызынын кош бойлуу экенин жар салды. Анын атасы Джереми өзүнун соцтүйүндөргө кара ак түстөгү үй-бүлөлүк сүрөтүн жарыялагандан кийин, Джастин Бибердин жакында тун баласы төрөлүшү мүмкүн экендиги тууралуу айтып чыгышты. Ал сүрөттө Джастин жаңы төрөлгөн кичүү карындашын кармап түшкөн. Атасы Джереми бул сүрөттү: “Жакында Бибер экөө тең ата болушат!”-деп чечмелеп кеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!