Ольга Орлова Фрискени эскерүү концертине келүүдөн баш тартты

Ольга Орлова Фрискени эскерүү концертине келүүдөн баш тартты
4-Окт. 2018, Бейшемби, 11:18

Россиянын эстарда ырчысы, теле алып баруучу Ольга Орлова ырчы Жанна Фрискени эскерүү концертине келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары кабарлашты.

«Жанна Фриске - мен жакынмын!» аттуу ырчыга арналган кайрымдуулук концертти үчүнчү ирет өтүп жатат. Иш-чарага Жаннанын ата-энеси, сиңдиси, достору жана күйөрмандары катышты. Болгону шоу-бизнестеги Жаннанын атактуу курбулары гана келген эмес.

Эскерте кетсек, маркум ырчы өзүнүн оор илдетке кабылгандыгы тууралуу кабарды кош бойлуу кезде билген. Ал 2015-жылы 15-июнда өз үйүндө көз жумган. Артында Платон атуу уулу калды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!