Анжелика сүйүктүүсү тууралуу: Анын бетин эч качан көрсөтпөйм

Анжелика сүйүктүүсү тууралуу: Анын бетин эч качан көрсөтпөйм
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 11:39

Таанымал ырчы Анжелика Кайратова ажырашкандан кийин өзүнүн сүйүктүү адамын тапты. Өзүнүн социалдык баракчасында жарыяланган фото сүрөттөн кийин ырчы Limon.kg маалымат булагына комментарий берди.

“Ооба азыр бул фото сүрөт тууралуу ар кандай кептер болуп жатат. Мен ойлойм бул кадыресе көрүнүш. Себеби ажырашкандан кийинки менин жашоом баарына кызык да. Мен бул кадрды өзүм жүктөгөм. Сүрөт кечинде досторум менен отурган кезде тартылган. Биз экөөбүз тең баарына менин жүрөгүмдү ээлеген адам бар экенин айткыбыз келген. Анткени ажырашкандан кийин мага көңүл бурган мырзалар көбөйүп кетти. Азыр мени колдоп жанымда болуп жаткан адамга ырахмат. Ал мага баарына жардам берүүдө. Анын аты ким? Каерде иштейт? Бул жашыруун бойдон калат. Мен анын бетин эч качан көрсөтпөйм”,-деп маалымат берди ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!