Айгерим Расул кызы: “Жар-жарды” каалагандар айтат

Айгерим Расул  кызы: “Жар-жарды” каалагандар айтат
10-Окт. 2018, Шаршемби, 11:55

Ырчы Айгерим Расул кызы: "“Жар-жар” кыргыздын салтына айланган.Тойлордо “Жар-жар” айтканда үй-бүлөлүү,бала-чакалуу келиндерди айттырышчу”-деген элдин пикирине кошула албай турганын билдирди.

"Супер-инфонун кабарчысы мага дагы ушул суроону узаткан. Негизи эле көптөн бери талаш-тартыш жараткан суроо болчу. Жеке менин оюм боюнча: Мен бул пикирге кошулбайм! Себеби той ээлери өзү урматтап, сүйүп уккан ырчысын чакырат. Ырчынын жеке жашоосу - ал өзүнүн жашоосу, ага кийгилишкенге эч кимдин акысы жок! Той ээлери кимди кааласа ошол ырчыны чакырат деп ойлойм",- деп жазды өзүнүн баракчасына ырчы.

Ырчынын күйөрмандар буга ар түрдүү пикирлерин билдиришүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!