Бишкекте «Мисс Кыргызстан 2018» конкурсуна тандоо башталды

Бишкекте «Мисс Кыргызстан 2018» конкурсуна тандоо башталды
12-Окт. 2018, Жума, 16:09

Кыргызстанда «Мисс Кыргызстан 2018» расмий конкурсуна кастинг жарыяланды. Бул тууралуу «Мисс Кыргызстан 2017» конкурсунун жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова маалымдады.

“Конкурстун жеңүүчүсү таажы, «Мисс Кыргызстан 2018» деген ардактуу наам гана эмес “Дүйнө сулуусу” сулуулук конкурсуна катышууга мүмкүндүк алат”,-деп жазды Бегимай Карыбекова.

Кастингге 16 жаштан 25 жашка чейинки Кыргызстандын жараны болгон кыздар катыша алат, алардын боюнун узундугу 168 сантиметрден кем болбошу кажет.

Уюштуруучулар баардык катышуучуларга демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер ыйгарыларын кошумчалашты.

Тандоо кастинги 14-октябрда саат 14:00гө чейин «Азия Молл» соода борборунда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!