50 Cent Хабиб Нурмагомедовдун менеджери менен уруша кетти

50 Cent Хабиб Нурмагомедовдун менеджери менен уруша кетти
16-Окт. 2018, Шейшемби, 12:14

Америкалык рэпер 50 Cent каймана аты менен белгилүү Кертис Джексон Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз менен "Инстаграмда" айтыша кетишти.

Уруштун себеби – Нурмагомедовго "Bellator”го эки миллион долларга өтүү тууралуу менеджердин сөздөрүнөн улам келип чыккан. Абдель-Азиз билдиргендей, бул сумма — "жөн гана таштанды", ал үчүн Хабиб керек болсо “кока-кола бөтөлкөсүн ачпайт" деген.

- Жаман аткаруулчулуктун дагы бир мисалы, арзан күрмө кийген акмак акча тууралуу айтып жатат. Күлкүлүү! - деп жооп берген рэпер.

Мурун 50 Cent “UFC”нин Хабиб Нурмагомедовко каршы санкцияларын айыптап, Россиялык мушкерди “Bellator MMA”ге өтүү тууралуу чоң суммадагы акча сунуштаган. Ал эми мушкер Джексонго Дагестанга чакыруу менен жооп берген. Рэпер Хабибтин "Bellator MMA”ге өтүу тууралуу маселесин талкуулоо үчүн макул болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!