Эламан жана Чолпон "Форсаждын" актрисасы менен (видео)

Эламан жана Чолпон
22-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 17:29

Кыргызстандын комузчулары Эламан Каныбеков жана Чолпон Мелисбекова Берлинде "Форсаж" кино тасмасындагы американын актрисасы менен сүрөткө түшүштү.

Эске сала кетсек, кыргыз күүлөрүн жана чет элдик музыкаларды дагы комузга салып ойноткон Эламан менен Чолпон Германиядагы аянтта күү чертип туристтерди суктандырган. Берлиндин Бранденбург дарбазасынын жанындагы аянттагы элдер тегеректеп, суктанып, видеого тартып жаткандарын байкоого болот. Бул тууралуу Гүлшайыр Садыбакасова жеке баракчасына жарыялаган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!