Атабеков талкуу жараткан клиптен кийин эмне болгонун айтты

Атабеков талкуу жараткан клиптен кийин эмне болгонун айтты
24-Окт. 2018, Шаршемби, 10:17

Атактуу ырчы Мирбек Атабеков жакында жергиликтүү басылмага берген маегинде анын казакстандык ырчы Камшат Жолдыбаева менен тартылган клиби чыккандан кийин анын Instagram баракчасына бир жума ичинде 40 миңге жакын адамдар жазылгандыгын билдирди

Эске сала кетсек, күйөрмандар арасында кызуу талкуу жараткан клипте Мирбек Атабеков өзү эмнеге айрым ачык кадрларга тартылганына жообун берген. Ырчы болгону режиссердун айткандарын гана аткарган. Ошондой эле, келинчеги дагы жанында болгон. Ырчы мындан башка дагы ачыгыраак сценаларды аткарбагандыгын белгиледи.

"Мен өзүмдүн ырчылык эмес, актерчулук чеберчилигимди сынадым десем болот"-деп билдирди ырчы Instagram баракчасына.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!