Рэперди аз гана ырдап койгондугу үчүн сабап салышты

Рэперди аз гана ырдап койгондугу үчүн сабап салышты
30-Окт. 2018, Шейшемби, 10:39

Россиялык рэпер Гуф лакап аты менен белгилүү Алексей Долматовду Москванын түнкү клубтарынын биринде сабап кетишкен. Гуф жаракат алганына карабастан, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал полияцияга арызы менен кайрылган.

МК маалымат булагы билдиргендей окуя 28-ноябрь күнү “Бункер-42” ресторанында болгон. Аталган жерде корпоратив өтүп жаткан жана артист сахнада аткарып жаткан. Гуф 23:00дөн түн жарымга чейин бир нече ырын аткарып кеткен жаткан, бирок ал сахнадан түшөөр замат аны бир уюштуруучу токтоткон. Ал адам рэпердин аткаруусуна нааразы болуп кайрадан сахнага чыгуусун талап кылган. Анын бул сунушуна баш тарткан рэперди сабап кирген. Уюштуруучу бир нече соккуну бетине бергенден кийин, күзөт кызматкерлери арачалап калышкан.

Ал эми “Mash” каналы билдиргендей, Гуфту жаш рэп өнөрүнүн күйөрманы үчүн аткарып жатканда сабашкан. "Туулган күндү белгилеп жаткан баланын атасына анын аткаруусу жакпай калып, аз гана аткардын деген шылтоо менен ур-токмокко алган”.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!