Бек Борбиев чыгармачылыгына бут тоскондорду айтып берди

Бек Борбиев  чыгармачылыгына бут тоскондорду айтып берди
9-Ноя. 2018, Жума, 13:14

Кыргыздын кыраан ырчыларынын бири, кайсы доордо, кандай гана ыр чыгарбасын баардыгы хитке айланган Бек Борбиев жакында Москва шаарындагы боордошторубузга барып, концерт коюп келгендигин фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Фейсбук баракчасындагы концертинде кыргыз кыз-жигиттер Бек мырзаны ушунчалык жылуу кабыл алгандыгы, анын ырларына бийлеп жаткандыгын көрүүгө болот. Жакында Борбиев ММКа берген маегинде акыркы 3-4 жылдан бери анын чыгармачылыгына бут тосуулар болуп, жеке концертин берейин десе, концерт коюучу залды бербей, телеге, радиого чыгууга да бут тосконун айтып чыкты. Чындыгында жыл сайын концерт берчү Бек мырзанын акыркы жылдары анын жеке концерти болбой калган. Анын чыгармачылыгына бут тосуп жаткандардын себеби, өткөн бийликти сындап, коомдогу жагымсыз көрүнүштөрдү ачык айтып, өз позициясын билдиргенинен улам дейт ырчы. Мен кыргыздын жараны болгондуктан эч качан коомдогу болуп жаткан көйгөйлөргө көз жума албайм дейт. Мындан соң мага каршы президенттин аппараты, бүтүндөй өкмөт бут тосуп иштей башташты деп билдирди. Ал: “Мен бийликке ар дайым тургудай саясый серепчи эмесмин. Чыгармачылык көп убакытты талап кылат, убактым да жок. Бирок, улуттук баалуулуктарга коркунуч келсе, чыгармачыл эркин адам катары калыс оюмду билдирип туруу милдетим деп билем. Азыркы бийлик дагы мурдагылардай каталарды кетирсе, анда сөзсүз реакция кылам. Четте карап тура албайм. Менин коргоп калар бизнесим жок, мамлекеттик кызматта эмесмин. Элге аздыр-көптүр кадырым бар. Мен азыр айтпасам кийин абышка болуп, өткөн өмүргө көз чаптырганда өзүмдү кечирбей коёрум шексиз”.

Бек Борбиев эгерде Атамбаев аны тоюна чакырса, гонорарын төлөп берсе барып ырдай берем, бирок ал өзү деле жакшы ырдайт, мени чакыраарына күмөнүм бар деди. Учурдагы бийликтин жакшы иштеп жатканына да ыраазы экенин билдирди.

Акыркы убактарда телерадиого чыкпаса да, Бек Борбиев социалдык желелердин активдүү колдонуучусу. Андыктан анын ар бир жаңы клибин, жаңы чыккан ырларын, атүгүл тексттеринен бери коомчулуктун сынына коюп, өзүнүн популярдуулугун жогото элек.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР