Самара Каримова директорлук кызматка кайра келеби?

Самара Каримова  директорлук кызматка кайра келеби?
9-Ноя. 2018, Жума, 13:48

Жогорку Кеңештин депутаты ырчы Самара Каримовага колдоо көрсөттү. Республика – Ата-Журт фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова фейсбуктагы жеке баракчасына ырчы Самара Каримованы жактаган маалымат жазды. Анда "Самара Каримованы жакындан деле тааныбайм, бирок КР Маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкуловдун жасаган иши адамкерчиликке жатпай калды" деген нааразычылыгын билдирген. Махабат Мавлянова бул текстти жазгандан кийин Самара Каримованын баракчасын да белгилеген.

Ошондон улам мен бул ырчыны жакшы деле тааныбайт экенмин деген депутаттын сөзү чынбы же жалганбы белгисиз. Айтор чыныгы жашоодо бири-бирин тааныбаса да социалдык желелерде жакшы эле тааныштардан көрүнөт.

Эскерте кетсек, 1-ноябрда Оштогу музыкалык окуу жайга жаңы гана директор болуп дайындалган ырчы Самара Каримованын кантип ал кызматка барып калганы коомчулукка ар кандай пикирлерди жараткан. Коомчулуктун ар кандай пикиринен улам Маданият министри А.Жаманкулов ырчынын кантип директор болуп калганын иликтөөгө алып, ал мыйзамсыз болгон деген таризде кызматынан бошоткон.

Ал эми ырчы Самара Каримованы колдоп жазган парламент депутатыМахабат Мавлянованын Фейсбук баракчасына жазган тексттин эч өзгөртүүсүз беребиз:

“Мен ачыгын айтсам Самара Каримованы жакындан тааныбайт экем. Кол берип да корушо элекмин. Ар кандай булактардан , соцсеттен ырдап, чыгармачылыгын тартуулаганын коруп калбасам... Бирок мен айтар элем, Самаранын Кудай берген талантын талаага таштабай оркундотуу учун куну-туну эмгектенип, мээнетин кетирип , элдин купулуна толгон ырлары, чыгармалары менен элден ыраазычылык алып жатканын, кааласан каалабасан да байкалып турат. Кээ бир жаштарга чайнап берсен да жуткулары келбейт. А Самаранын жетишкендиктери озунун гана мээнеткечтиги, аракетчилдиги деп ойлойм. Мен билем, ар бир жетишкендиктин артында чон таалыкпаган эмгек турат.
Самаранын музыкалык окуу жайга жетекчиликке шайлануусун мен туура кордум эле. Себеби эмгекчил адам иш тажрыйбасы болбосо деле, ар кандай тармакта жыйынтык корсото алат. Азамат Жаманкулов министр мырза кайра Самараны 3-4 кундон кийин кызматтан алып салганы адамгерчилике деле жатпай калды. Кайрадан Самара Каримованы аталган окуу жайга дайындашы керек деп ойлойм. Самара аталган окуу жайда созсуз жакшы жакка озгортуу жасай алмак.

Самара Каримова Ош шаарындагы музыкалык окуу жайга директорлук кызматка келгенин ошол окуу жайдын кызматкерлери жылуу кабыл алганын, анын жолдошу Асан Мансуров мыкты менеджер, колунда бар адам экенин айтылууда. С.Каримова окуу жайды жолдошунун жардамы менен оңдомок эле, бирок КР Маданият жана маалымат министринин аны кызматтан алып салганына түшүнбөй калышканын өткөн жекшембиде, 4-ноябрда Ош шаарындагы чоң тойканалардын биринде өткөн Асан Мансуровдун 50 жаш юбилейине куттуктап келген, музыкалык окуу жайдын кызматкерлери чыгып айтышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!