"Буй-Буйду" канча тилде ырдап чыгышкан? (видео)

5-Дек. 2018, Шаршемби, 12:05

Ырчы Бактияр Токторовдун "Буй-буй" ыры ар кайсы тилге которулуп, клиптери менен чыга баштады.

Жакында эле орустардын «Сборный союз» тобу ырдап чыккандан баштап, бул ыр чындап эле кайсы обончуга, кайсы улутка тиешелүү деген тартыш жаралды.

Бул ырды алгач кыргыздардын "Биз" тобунун ырчысы Бактияр Токторов ырдап чыккан эле.


Ырчы Бактыяр Токторовдон кийин Дима Пазылов деген ырчы да жаңылап ырдап чыкты.

Орустардын "Сборный Союз" тобунун ырдаганы:


Бул шилтемеден өзбекстандык ырчылардын ырдаганын уксаңыздар болот:

https://ok.ru/video/319805852310?fromTime=20

Ал эми бул ырдын обону тээ 1981-жылы тартылган "За шкуру полицейского" (Pour la peau d'un flic) тасмасынын саундтрегинде ырдалган экен.

Индонезиянын аскерлеринин да "Буй-Буйдун" обонуна бийлегени бир убакта интернетте хитке айланган эле. Аны туурап кичинекей бөбөк да бийлеген:




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!