Эдди Мерфи 10чу жолу ата болду

Эдди Мерфи 10чу жолу ата болду
5-Дек. 2018, Шаршемби, 12:15

57 жаштагы голливуд актеру Эдди Мерфи Анджелина Джоли менен Брэд Питти ашып өттү. "Доктор Дулиттл" фильминин жылдызынын 10чу баласы төрөлдү.

39 жаштагы австралиялык модель Пейдж Батчер уул төрөп берди. Жубайлар баласына Макс Чарльз Мерфи деген ысым ыйгарышты.

Эдди жана Пэйдж 2012-жылдан бери бирге, Макс жубайлардын экинчи баласы. Актердун калган сегиз баласы: беш баласы мурунку жубайы Николь Мерфиден, дагы үч баласы ар башка курбуларынан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!