Дрейк жылдын эң популярдуу музыканты болду

Дрейк жылдын эң популярдуу музыканты болду
6-Дек. 2018, Бейшемби, 09:25

Дрейк аттуу рэпер “Spotify” сервиси боюнча 2018-жылдын эң популярдуу музыканты болду. Бул тууралуу “CNET” маалымат булагы билдирет.

Беш ай ичинде аткаруучунун акыркы альбому “Scorpion” 8,2 миллиард угарманды жыйнаган.

“Scorpion” альбому июль айында чыккан. Ар бир ай сайын “Spotify”тин 180 миллион колдонуучуларынын 42си аны угат.

Дрейктин эң популярдуу треги “God’s Plan” болду, аны миллиарддан ашык жолу угушкан.

Мындан сырткары, “Spotify”нин ТОП-5 популярдуу музыкантынын катарына Пост Малон, XXXTentacion, Джей Бальвин жана Эд Ширан кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!