Марат Башаров кайрадан жубайын катуу сабап салды

Марат Башаров кайрадан жубайын катуу сабап салды
28-Дек. 2018, Жума, 13:14

44 жаштагы россиялык актер Марат Башаров кайрадан кол көтөргөндүгү үчүн айыпталууда. Актер жубайы Елизавета Шевыркованы сабап салганын анын агасы Федор билдирген. “StarHitон”го берген маегинде ал Башаров жубайынын мурдун сындырып салганын айткан жана ал азыркы учурда ооруканада баласы Марсел менен жатканын кабарлаган.

Федордун айтуусу боюнча, актер Елизаветаны мурдатан бери уруп-согуп келген. Былтыркы жылы Шевыркова ооруканага колу жаракаттанып кайрылган, бирок анда күйөөсүнүн мындай мыкаачылыгын айтып, арыздаган эмес деди.

Эскерте кетсек, Марат мурунку жубайы менен да кол көтөргөндүгүнүн айынан ажырашкан. 2015-жылы Екатерина Архарова Башаров менен 10 ай жашагандан соң эки жакка айрылышкан. Артист жубайын катуу сабап, үйдөн кууп чыккан. Дарыгерлер актрисанын мурду сынып, башынан жаракат алганын кабарлашкан. Ал окуядан кийин Марат эл алдында аялынан кечирим сураган бирок, Архарова аны кечирбей, ажырашуу чечимин кабыл алаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!