Замир Мырза: “Бизде шакирти устатын, устаты шакиртин көрө алышпайт”

Замир Мырза: “Бизде шакирти устатын, устаты шакиртин көрө алышпайт”
28-Дек. 2018, Жума, 13:42

Кыргызстандагы белгилүү, талантуу ырчылардын катарын толуктаган өзүнүн стили, образы, обондору менен өзгөчөлөнгөн Замир Мырза zaman.kg сайтына жаңы жыл алдында кенен маек курду.

- Жеке чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат, акыркы кезде кандай изденүүлөр, чыгармалар жаралууда?

-2019-жылдын баш айларында жаңы альбомдун бет ачаарын жасайын деп жатабыз. Акыркы төрт жыл ичиндеги жакшы ырларымдын жыйнагын даярдап койдук. Буйруса ошол альбомду чыгарып, угармандарга тартуулайын деген жакшы максаттар бар. Ал жерде тематикалуу ырларга басым жасалган. Достук, мекен, үй-бүлө, бир тууган тууралуу. Чыгармачылыкта эч качан чек болбойт эмеспи,бардык нерсе жөнүндө ырдаса болот.Тек гана өнөр адамдын чыгармачылыкка болгон мамилеси болушу керек. Менин байкашымча биздин кыргыз эстрадасы башка коңшу мамлекетердин чыгармачыгына караганда бир аз артта калгандай. Себеби башка чет өлкөлүк кесиптештерибиздин ырларын уксак, саптары, сөздөрү өтө маанилүү. Мен дагы жашоого бактылуулук тартуулаган,адамды позитивге, үй-бүлөнү жакшылыкка чакырган, адамдарга дем берген ырларды жараткым келет. Тилекке каршы акыркы мезгилде тойго ылайыкталган, жеңил-желпи ырлар ырдалып калды. Албетте, алардын да кандайдыр бир деңгээлде кереги бар чыгар. Бирок тең салмактуулукту да кармаш керек. Угармандар ар кандай, табити да ар кандай болот. Ошондуктан өнөр адамдары маданиятты көтөрүп, чыгармачылыгыбызды өстүрүшүбуз керек.

- Жаңы жыл жакындагандан баштап КТРК уюштурган жаңы жылдык “Көгүлтүр отко” “мени чакырбай коюшту” деген нааразычылык күч алууда. КТРКнын жетекчилери "ырчылар абдан көп экен, эфир резина эмес" деп айтышты.Сиздин буга көз карашыңыз кандай? Сизге чакыруу болдубу?

-Чындыгында бул көйгөй ар жылы декабрь айында болуп келет. Себеби, ырчы, өнөр адамы, айрыкча эстрада өнөрпоздору үчүн кандайдыр бир деңгээлде отчеттук жыйынтыктоочу аткаруусу болот. "Мен ушул жылы башкаларга караганда көбүрөөк эмгектендим. Менин ушул жылы ырым хит болду деген таризде чакыруу алдым" деген белги десек болот. Негизи менин Илим Карыпбеков менен ысык-суугум жок. Андай жетекчилер КТРКга келип-кетип, көбүн көргөнбүз.Негизи ал кишинин айткан сөзүнүн дагы жөнү бар, себеби, бизде ырчылар абдан көп. Бардыгы чыккысы, ырдагысы келет, эң маанилүү сааттарда кыргыз элине көрүнгүсү келет. Ошол кезде бардыгы үйдө болуп, сыналгынын көрүүчүлөрү максималдуу болот. Бул ар бир ырчынын чоң пландарынын бири. КТРКнын жетекчилигине да түшүнүү менен мамиле кылам. Себеби,ошол ырчылардын баарын батырыш өтө кыйын.Эфир деген албетте резина эмес. Бизде ырчылар өтө көп. Алардын ар биринин өзүнүн амбициясы бар. Анча ырдай албайм, булар чыксын деп эч ким ойлобойт. Себеби өнөр адамдардын бардыгы чыккысы, ырдагысы келет, бардыгы өзүн башкалардан кем көрбөйт. Мен деле чыккым келди, бирок мен чакыруу алган жокмун.Бирок башка тараптан алганда эч кандай ийгиликке жетпеген, ийгилик жаратпаган, таанылбаган ырчылар “Көгүлтүр отто” ырдап калгандары башкача ойго түртөт экен. Бирок чынында жаштарды колдоо, эфирге чыгаруу бул биздин устаттык милдетибиз деп эсептейм.Бардык нерсе Кудайдан, эмгек кылсаң, жакшы ырларды чыгарсаң, элге керектүү, элдин жүрөгүнөн орун алган ыр ырдасаң КТРКдан эле эмес, керек болсо Россия, ОРТ деген каналдардан да чыкса болот. Биз жакшы таланттарды колдошубуз керек.

- Ырдап чыгып атканыңызга бир топ жыл болду. Негизи көпчүлүк ырчылар атагы чыгып, элге таанылгандан кийин шакирттерди даярдашат, сиздин да шакирттериңиз барбы?

- Негизи бул нерсе жөнүндө көп айтып, көп ой жүгүртөм. Шакирт өстүрүү өнөр адамы үчүн өтө сыймык. Бирок биз кыргыздар ушул нерсеге көп маани бербейбиз.Коңшу Казакстан, Өзбекстанда “устат-шакирт” деген эч жерде окутпаган, мыйзамда жазылбаган чоң мектептер бар. Ошондуктан аларда өнөр адамдары мыкты чыгышат. Өнөргө болгон мамилеси өтө жогору, чыгармачылыкка болгон мамилеси башкача. Бизде буга үстүртөн мамиле кылышат. Мисалы, Казакстанда Алтынбек Каразбаев деген эл артисти агабыз бар. Өтө сыйга татыган, көп шакирттерди өстүргөн киши. Ал көп ырчыларды чыгарды. Аны абдан сыйлап, бапестеп алып жүрүшөт. Анын батасын алып, шакирттери көп жакшы ийгиликтерге жетишип жүрүшөт. Өзбекстанда ар бир өнөр адамдардын устаты-шакирти болот. Бул университетте окутпай турган нерселер. Өкүнүчтүүсү бизде ошондой мектеп өөрчүбөптүр. Дегеле бизде ушул нерсе өтө төмөнкү деңгээлде экен,биз ушул нерсени калыптандырышыбыз керек. Дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу өнөр адамы ырчы болуп туруп, бир шакирт өстүрбөсөң анда ошол атак-даңкын бир тыйынга тете деп айта алам. Себеби,бул такыр башка деңгээл, такыр башка дүйнө. Шакирт өстүргөндө ал сенин атагыңды эки эсе өстүрөт. Ошондуктан мен да жакшы тилек менен жакшы шакирттерди өстүргөнгө аракет кылам. Жаштарга ар дайым туура багытты көрсөткүм келет. Бирок биздин жаштарыбыз башка мамлекеттерге салыштырмалуу чет өлкөгө басым жасаганга аракет кылышат. Мисалы, Казакстан менен Өзбекстандын ырдоо тартиби,техникалары, мектеби калыптанып калган. Бизде ушундай мектеп жок. Бизде шакирти устатын, устаты шакиртин көрө алышпайт. Бул өтө маданияттуулуктун төмөнгө түшүп кеткени. Мен буга өтө жаман көз караш менен карайм.

-Акыркы кезде ырчылардын саны арбын. Саны бар сапаты жок ырчылар көбөйүп кетти дешет, буга кандай ой пикирдесиз?

- Бизде калктын саны өсүп атат. Жаштар окууну бүткөндөн кийин жумуш орду эч жерде түзүлгөн эмес. Завод-фабрикалар салынган эмес. Бизде эмне көп, шаан шөкөт той көп. Бир да завод салбай, алтын кенди өзүбүз казбайбыз, бирок тойду белгилегенди жакшы көрөбүз. Ошонун фонунда өнөр адамдары айрыкча жаштар иштегиси келет. Бул кадыресе көрүнүш. Негизи өнөрдү биздин эл оңой деп көрөт. Атактуу болсоң акча сенин артыңдан кууйт деген түшүнүк бар.Кечээ эле эч жерде окубаган, эч жерде ырдабаган, өнөрдү түшүнбөгөн ырчыларыбыз бир-эки ыр жаздырып, жакшынакай сүрөттөрүн инстаграмга киргизип, атактуу болгондорду көрүп атабыз. Бул жаман көрүнүш,трагедия. Эл деген жаш баладай, алардын табитин, өнөргө болгон көз карашын тарбиялаш керек. Ошондуктан мамлкеттик денгээлде ишке ашырып, татыктуу балдарды чыгарыш керек. Бизде кандай ырчылар популярдуу, көрүнүшү кыздарга окшогон ырчылар популярдуу. Бул өтө жаман көрүнүш. Себеби,өсүп келаткан жаштар ошолорду туурашат. Ырдай албагандар да популярдуу. Жаңы өсүп келаткан жаштар өзүнүн үстүнөн иштешпейт.Бардык нерсеге чоң эмгек талап кылынат. Бизде ырчылар абдан көп. Көрүп атабыз.Көбү чыгып, кайра өчүп атат. Өчкөндө өтө жаман, бул чоң стресс.

- Сиз ырдын мазмунуна көңүл бурасызбы же обонунабы? Кайсы акын, кайсы обончулар менен көбүрөөк иштешесиз?

-Негизи ырдын обону, сөзү, аранжировкасы төп келиши керек. Өнөрдүн эң ырахаттуу жери ушул. Акыркы учурларда акын Бактыгүл Чотуровага, Нуркан Койчуманова эжелерге таандык ырларды ырдап атам. Алтынбек Алымов деген агам көп ырларды жазды. Нуржигит Кадырбеков да жаңы ырыма сөз жазып жатат. Бул адамдар мен ойлогон идеяларымды, берейин деген оюмду бат түшүнүшөт. А мен көбүнчө обон жараткандан кийин ага сөз жаздырам.Улуу залкар обончуларыбыздын ырларын көп тыңдайм. Эч жерде ырдалбаган, өзүмө жаккан ырларды иштеп чыгып, кайрадан тартуулаганга аракет кылам.Акыркы учурларда кыргыз кайрыктарын көбүнчө тыңдап ошолорду изилдеп атам.Бул биздин кыргыз өнөрү, ырларынын кайрыктары уникалдуу, эч жерде кайталангыс өнөр.

-Фейсбук баракчаңызга “жаңы жылда жардыруучу каражат сатып албаңыздар” деп жазыптырсыз. Сиздин патриоттук сезим менен айтканыңыз сезилип жатат.Жаңы жыл алдында сизди кубандырган же өкүндүргөн нерсе эмне?

-Жаңы жыл бул майрам, аны жакшы адамдар менен бири-бириңе белек берип, жакшылап майрамдаш керек. Бирок ашыкча чыгымга учуратпаш керек.Бизде ысырапкорчулук көп, ошол нерсе өкүндүрөт. Ичимдик ичилет, ден-соолук кетет. Жардыруучу каражаттарды алгандан көрө эки килограмм этти үйгө алып келсең пайдалуу. Биздин өндүрүштөн чыкпагандан кийин пайдасы чет өлкөгө кетет. Патриоттуулук бул өзүңдүн өлкөңдүн кызыкчылыгын ойлоо. Башка улутту жамандоо бул патриоттуулукка жатпайт.Биз балдарыбызга чет өлкөдөн келген белгисиз азык-түлүктөрдү алып берип, ден соолугун бузабыз. Пайдасыз суусундуктарды сатып алабыз. Ушундай нерселерди сатып алып ден- соолукту бузабыз да,кайра аны дарылатууга акча коротобуз. Андан көрө өзүбүздүн өндүрүштү колдошубуз керек. Глобализация заманында деңгээлибиз өсүшү керек. Патриоттуулук башка деңгээлге чыгышы керек. Патриоттуулук сөз менен эле чектелбестен иш жүзүндө көрсөтүү деп эсептейм. Кыргыздар каражатты үнөмдөөгө үйрөнсөк деп чакырат элем.Себеби бизде эгемендүүлүк алгандан бери экономикалык маданий эстетикалык бардык жактан өнүгүү, жылыш болгон жок. Тескерисинче кайра артка кетип жатабыз. Ошол фондун аркасынан биз тойлогонду жакшы үйрөндүк. Той бергенден алдыбызга эч кимди салбайбыз. Көп каражатты тойго чачабыз.Ар бир үй-бүлө өндүрүш ачса дейм, чет өлкөдө бул жакшы жолго салынган. Биз да ошолордон үйрөнүшүбуз керек.

-Жаңы жыл келип калды, элге кандай каалоо-тилектериңиз бар?

Кыргызстандык мекендештеримдин баарын жаңы жылы менен куттуктайм! Бардыгыбызда жакшылык болсун! Бири-бирибизди сыйлаганга үйрөнөлү, көбөйөлү, патриоттук сезимди ойготолу, спорт менен машыгалы,ар дайым жаш бойдон калалы, жакшы сөздөрдү аянбайлы, жакшы ырларды, жакшы жаңылыктарды угалы, ийгиликтерге жетели, Кудайым бизди колдосун!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!