Гүлнур Асанова: “Менин жиниме тийбей жөн жүр!”

Гүлнур Асанова: “Менин жиниме тийбей жөн жүр!”
28-Дек. 2018, Жума, 14:43

Акыркы кездерде ырчылардын интернет баракчасынан кайым айтышы күчөп барат. Жакында эле “Кыз-Бурак” тобунун ырчыларынын да интернет аркылуу кайым айтышы жарыяланган эле. Бул жолу ырчы Гүлнур Асанова да белгисиз бирөөгө нааразы болгон постту жарыяланды.

"Кээ бир адамдын укмуш акылдуу болуп, элге жакшы көрүнүмүш болгонун силер дагы байкасаңар жөн гана мыйыгыңардан күлсөңөр керек. Андай адамдар ар бир чөйрөдө кездешет да. Акыл үйрөткөнгө жараша өзү абдан кыраакы, бардык жактан төп келген, ички дүйнөсү менен сырткы келбети таза болуш керек да туурабы? Ичип-чегип, сөгүнүп, ыплас нерсени кылып (жолдошуң, балдарың бар туруп), бирөөнү сөз кылып ушактап, бирөөгө көралбастык кылып, бирөөнүн кайгысына күлүп, анан эле түптүз, периште көрүнгөн адамды түшүнө албайм. Сөзүң барбы дагы? Анда эми өзүң эле жумушка кел! Же дайымкыдай үйгө кел! Бирөөнү агент кылып жөнөтпөй! Сөзүң калбадыбы, анда өз ишиң менен эле алек бол! Канча айтам ичиңди кенен кой! Бул жашоо өтөт-кетет! Кийинки жашообузду деле ойлонсоң боло! Же ичээр сууң түгөнбөйт дейсиңби? Баары Аллахтан! Көңүл дегенди эч эле түшүнбөйт турбайсыңбы...Каап, адам бир кечирет, эки кечирет, үчүнчүсүндө жөн гана угуп, күлүп коет. Бирок, күлүп койгонду алсыздык деп эсептебе да! Өзүң душмандашпайлы дейсиң, а бирок кылып жаткан ишиң дал эле душмандыкындай! Кудайга тообо, таң калтырып жатасың ооо периште! Ушу мага периште болбочу жок дегенде макулбу?! Адатыңча элди алдай бер! Ооба, жыландын тили уу, ал кээде гана чагат. Көрүнгөндү эле чага бербейт. А тийишкенди! Тийишкенди! Жөн жашасаң болбойбу? Өз оокатыңды кылып... Атандашпай эле! Канча айтам, экөөбүз эки башка пендебиз деп! Мен салттуу музыканын алып жүрүүчүсүмүн, а сен... Мен жөнөкөй элемин.., а сен... 7 жыл музыкалык билим алдым ырдап чыгыш үчүн, а сен... Кино дүйнөсүнө 6 жашымдан аралаштым...а сен... Өзүмдүн үнүмдүн диапазонун билем.., сеникин дагы... Эң негизгиси эки сүйлөбөйм! Бирөөнү ашатып жамандап, эртеси алтыным деп мактап, инстаграмга сүрөт жүктөбөйм! Ии койчу кайсы бирин айтайын... Менин жиниме тийбей жөн жүр! Ахунбаева көчөсүнө чейин кинотеатр бар, кайсы машина менен кантип келип, кимди жөнөткөнүңө чейин эмки постто жазып коем! Жөн жүр! Аллахым ырыскыны ар пендеге берет! Пенде кызганганга акысы жок! Бирөөгө жамандык кылба, уйкуң соонун болот. Мен чын жүрөктөн сенде жакшы болуп кетсин деп эле тилейм. Болбосо мени андыганың аңдыган! Ошондо мага убактың жок болуп калабы дейм да." -деп жазды Асанова өз постуна.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда