Ерке Есмехан баасын кымбаттатса, Кайрат Нуртас баасын төмөндөттү

Ерке Есмехан баасын кымбаттатса, Кайрат Нуртас баасын төмөндөттү
28-Дек. 2018, Жума, 15:23

Жаңы жылдык ар кандай оюн-зоок иш-чараларына дүйнө жүзүндөгү бардык шоу-бизнестин өкүлдөрү катышып, ушул учурда бир топ каражат топтоп алышаары ачык.

Коңшу Казакстандагы белгилүү ырчы Ерке Есмехан ар бир ырдаган жеринде 15 миң доллар же 5,5 миллион теңге табаары ачык болуп, казактардын сынына кабылды.

Ал эми ырчы Кайрат Нуртас бул жылы жылдагыдан ырынын баасын төмөндөткөн экен. Ал беш миң долларга макул болоорун белгилешти. Былтыр эле ушул убакта Кайрат Нуртас ырдаганы үчүн 10 миң доллар алчу экен. А быйыл неге баасын түшүрдү белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР