2018-жылдын эң келбеттүү жигиттери

2018-жылдын эң келбеттүү жигиттери
31-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 12:26

2018-жылдын эң келбеттүү жигиттеринин катарына кирген 100 адамдын тизмеси жарыяланды. “TC Candler” сайты 1990-жылдан бери жыл сайын ар бир жылдын эң келбеттүү мырзаларынын тизмесин жарыялап келет. 28-декабрь күнү чыккан быйылкы мыктылардын тизмегинин биринчи орунунда америкалык актер Джейсон Момоа турат. Ал эми экинчи орунда Түштүк Кореялык ырчы Чон Джонгук жайнашкан. Мыкты үчилтикке дагы бир америкалык актер Идрис Эльба турат.

Атактуу футболчу Дэвид Бэкхем 13-орунда, түркиялык актер Чагатай Улусой 23-орунда. 50-орунга британиялык актер Джейми Дорнан ээ болсо, 57-орунга «Тактар оюнунун» дагы бир жылдызы Кит Харрингтонго буюрду.

Футбол жылдыздары да бул тизмеге кирген. Атактуу Криштиану Роналду 72, ал эми Лионель Месси 98-орунга илинген. Дүйнөнүн эң келбетттүү жигиттеринин акыркы 100-орунуна таанымал актер Леонардо ди Каприо ээ болду. Бардык 100 адамдын тизмегин төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!