2018-жылы эң көп кирешеге жеткен миллиардерлер

2018-жылы эң көп кирешеге жеткен миллиардерлер
31-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 12:38

“Bloomberg” басылмасынын кабарлоосу боюнча, бүткүл дүйнөдөгу байлардын чөнтөгү быйыл болжол менен 511 миллиард долларга жукарган. Бирок ошол эле учурда эң көп кирешеге ээ болгондор да жок эмес. Азыркы убакта Жер шарындагы бай адамдардын акчасы 4,7 триллион долларды түзөт.

2018-жылдын корутундусу боюнча эң көп киреше тапкан “Amazon”дун негиздөөчүсү Джефф Безос. Ал бир жыл ичинде 27,9 миллиард доллар киреше тапкан. Экинчи орунда Япониянын эң бай адамы, “Fast Retailing”ти негиздеген Тадаси Янаи. Ал быйыл 7 миллиард долларга байыган. Үчүнчү орунда миллиардери Вагит Алекперов 4,6 миллиард доллар кирешеси менен үчилтикке кирген.

Кирешеге жеткен миллиардерлер топ-10:

1. Джефф Безос – 27,9 миллиард доллар;

2. Тадаси Янаи – 7 миллиард доллар;

3. Вагит Алекперов – 4,6 миллиард доллар;

4. Руперт Мёрдок – 4,6 миллиард доллар;

5. Леонид Михельсон – 4 миллиард доллар;

6. Геннадий Тимченко – 3,8 миллиард доллар;

7. Стив Балмер – 3,4 миллиард доллар;

8. Мукеш Амбани – 3 миллиард доллар;

9. Билл Гейтс – 2,9 миллиард доллар;

10. Илон Маск – 2,8 миллиард доллар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!