2018-жылы атактуу жаштардын кимиси үй-бүлөлүү болду?

2018-жылы атактуу жаштардын кимиси үй-бүлөлүү болду?
31-Дек. 2018, Дүйшөмбү, 12:58

2018-жылы кайсыл атактуу чыгармачыл жаштар баш кошуп, үй-бүлөлүү болушту, жыл жыйынтыгын карайлы:

Март айынын башында Бишкектеги тойканалардын биринде ди-джей жана алып баруучу Нурзада Жолдошева Азат Бурабаевге турмушка чыгып, үй-бүлө курушту. Жолдошеванын жолдошу Азат Бурабаев кесиби боюнча дарыгер.

*****

Ал эми 10-майда шоу-бизнестин атактуу жылдыздары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова баш кошушту. Аларга өкүл ата, өкүл апа болуу милдети кыргыз эстрадасындагы үлгүлүү түгөйлөр деп айтылып жүргөн Урмат Усенов менен Неляга болду.

*****

Июль айында ырчы Арсен менен Бегайым баш кошту. Түгөйлөрдүн үлпөт тою Бишкек шаарында өткөн.

*****

Август айынын ортосунда дагы бир таланттуу мырза "Музаман" тобунун солисти Тариэл Токмергенов Сырга Куандык кызы менен түтүн булатышты.

*****

"Эл эмне дейт?" долбоору аркылуу таанылган актёр жана жаш режиссёр Радик Эшимов сүйүктүүсү Айканыш менен баш кошушту.

*****

"Жебе" тобунун солисти Минур Алтынбек уулу Жазгүл менен баш кошту.

*****

Тамашоудогу "Универсал" командасынын оюнчусу Садык Нышанбай уулу да бойдокчулук менен коштошкон. Анын үйлөнүү тою Ош шаарында өтүп, шаардагы тойканалардын биринде түгөйлөр ата-эне, тууган-уруктарынан бата алышкан. Тамашоучунун сүйүктүүсү Апал, 2000-жылы туулган.

*****

Ырчы Курал Чокоев бойдокчулук менен коштошуп, үй-бүлөлүү макамына ээ болгон. Чолпон-Ата шаарында кыз узатуу тою өтүп, андан соң жубайын өз үйүнө алып кеткен. Ырчынын сүйүктүүсү 27 жашта. Түгөйлөр Ысык-Көлдө эс алуу учурунда таанышкан.

*****

"Жарайт сити" долбоорунда ак көңүл мурутчан агайдын образы аркылуу жылдызы жанган Нурсултан Курсанали уулунун да үйлөнүү үлпөтү болду.

*****

"Sexy, sexy" деген ыры менен таанылган Арман Эсенгожоев да Роза аттуу сулуу кызга баш кошуп, үйлөнүү үлпөт тоюн борборубуздагы тойканалардын биринде өткөргөн. Тойго эки жаштын жакындары, шоу-бизнес чөйрөсүнөн тапкан достору келишкен.

*****

Актриса жана модель Эркайым Абдуллаева Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге турмушка чыккан. Үлпөт той борбордогу тойканалардын биринде өткөн.

*****

Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов да бийчи Жибек Бейшеева менен үйлөнүү тоюн өткөрдү.

*****

Белгилүү улакчы Манас Ниязовдун үйлөнүү үлпөт тою өттү. Ал сүйүктүүсү Назира менен никеге туруп, эки жаштын үлпөт тою курбу-дос, тууган-урук, санаалаштарынын курчоосунда орун алды.

*****

Бул жылы турмушка чыккандардын катарын "90-60-90" аттуу ырды аткарып, музыка сүйүүчүлөргө таанылган Кундуз Канатбек кызы да толуктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды