Майкл Жексондун уулунун сүрөтү интернетте талкууга түштү

Майкл  Жексондун уулунун сүрөтү интернетте талкууга түштү
8-Янв. 2019, Шейшемби, 11:48

Белгилүү ырчы Майкл Жексондун 16 жаштагы уулунунун сүрөтү капысынан интернетке чыгып, коомчулуктун талкуусуна кабылды.

Ырчынын күйөрмандары анын мураскору 16 жаштагы уулу Бланкет азыркы учурда кандай болуп чоңоюп калганына кызыгуусун арттырышууда.

Дүйнөгө таанылган ырчы Майкл Жексондун кичүү уулу 16 жаштагы Бланкет Жексон Калабасастагы китеп дүкөнгө киргенин көргөн сүрөтчүлөр аны байкатпай тартып алышкан.

Бланкет дүкөнгө бөлөлөрү менен барып, бир нече китеп сатып алган. Ал китеп дүкөндөн чыгаары менен билгизбей сүрөткө тартып алышып, интернетке жарыя кылышкан. Бланкет интернетке чыгарган сүрөтчүлөргө нааразычылыгын билдирди.

Анткени ырчынын уулу публикага, коомчулукка көрүнгөндү анча жактырбаган жигит. Журналисттердин ар кандай папараццияларынан Майкл Жексон өзү да ушул уулун жашырып жүрчү. Ал эми ырчы каза болгондон кийин анын туугандары Бланкетти коомчулукка көргөзбөй келишет.

Эскерте кетсек, ырчы Майкл Жексондун артында үч баласы калган. Анын биринчи никеси Дебби Роудан 1997-жылы туулган Принс аттуу уулу жана 1998-жылы туулган Пэрис аттуу кызы бар.Үч жылдан кийин 1999-жылы Майкл Жексон менен Дебби Роу ажырашып кетишкен.

2002-жылы Майкл Жексон суррогат энеден үчүнчү балалуу болгон. Анын атын Принс II деп аташкан, бирок аны ырчынын туугандары Бланкет дешет. Жексон каза болгондо анын балдарын ырчынын энесин Кэтрин Джексон багып алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!