Реп аткаруучу Бегиштин ырын немис жигит мактады

Реп аткаруучу Бегиштин ырын немис жигит мактады
9-Янв. 2019, Шаршемби, 12:09

Бегиш аттуу рэп аткаруучу интернет баракчасына “Жигит” аттуу ырын немис жигит сындаган видеосун жүктөдү.

Бул видео интернетке чыккандан кийин ар кандай пикирлер жазыла баштаган. Ал эми сынга кабылган видео боюнча Бегиш белгилүү ММКлардын бирине буларды айтып берди:

"Бул видео тууралуу мага күйөрмандарым кабарлашты. Бул жигиттин интернет желесинде жеке каналы бар. Ал аталган каналына бардык мамлекеттин ырчыларынын, аткаруучуларынын ырларын сындап видеосун жүктөп келет. Буга чейин ал менин "Бирге" аттуу ырымды сындаса, бул ирет "Жигит" аттуу чыгармамды сындаптыр", - дейт рэп аткаруучу.

Ал эми немис жигити Бегиштин ырына жакшы деген баасын берген.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!