Димаш Кудайбергендин камера сыртындагы сыры тартылды

Димаш Кудайбергендин камера сыртындагы сыры тартылды
9-Янв. 2019, Шаршемби, 16:46

Учурда жылдызы жанып турган казактын жаш ырчысы Димаш Кудайберген жаңы жыл алдында “Россия-1” телеканалына “Голубой огонек” шоу-программасына тартылды.

Бул шоу-программага Россиянын кыйын ырчылары жыл жыйынтыктаганда катышат. Буга катышуу да оңойго турбайт. Ошол эле Россиянын айрым ырчылары да бул шоуга катыша албай калышат.

Димаш Кудайберген Россиянын белгилүү композитору Игорь Крутойдун “Любовь уставших лебедей” ырын ырдап чыкты. Крутой роялда ойноп, ал эми Димаш анын ырын ырдаганы, бери жактагылар шоуга кандай даярдык көргөнү, камерага түшпөй турган окуялары да тартылып калганы Ютуб каналга чыкты.

Димаш бул ырды бир нече дубль менен аткарганы да тартылган. Акырында “Стоп. Снято” дегенден кийин композитор менен ырчы ээрчишип сахнадан чыгып, кеткенине чейин бери жакта телефондон эле тартылып алынганы байкалып турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!