Омар стилин өзгөртүп “блондин” болдубу?

Омар стилин  өзгөртүп “блондин” болдубу?
10-Янв. 2019, Бейшемби, 11:20

Ырчы Омар Жанышов өзүнүн жеке Instagram баракчасына сары чачтуу сүрөтүн жүктөп, күйөрмандарын таң калтырды.

Ал сүрөтүнүн астына:

“А балким мен Кореяда болгондо Гамгамдын көчөлөрүн ушундай бир жигит таптап жүрмөк экен. Өзүм көпкө чейин күлдүм”,- деп жазды.

Омардын кесиптештери, сахналаштары бул тамашаны жылуу кабыл алып, жакшы пикирлерин калтырышты.

Бирок ырчынын айрым күйөрмандары: “ата болосуң жакында, уят эмеспи”, “андай кылба, эркекче бол”, “чечип сал” деген өңдүү терс пикирлерди жазып жатышты.

Омар чындап эле чачын сары түскө боегонбу же кийме чач кийип алганы табышмак бойдон калууда.

Бул сүрөттө ырчы Омардын мурдагы кара чачтуу кези.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!