Самара Каримова Ошко “Самара” чайханасын ачты

Самара Каримова Ошко “Самара” чайханасын ачты
11-Янв. 2019, Жума, 12:25

Ырчы Самара Каримова Ошто өзүнүн атынан чайхана ачканы тууралуу Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Интернетте, социалдык желеде активдүү отурган ырчы Самара Каримова бардык жаңылыктарын жарыя кылып, жакында ачылган чайханасын да жакшы жарнама жасоодо.

Эскерте кетсек, Инстаграмда миллион катталуучусу бар ырчы айымдын жарнамасы жакшы иштеп жатса керек, чайханага келген кардарлардынсаны арбыганы айтылат.

Ар бир жаңылыгына сөзсүз түрдө ага жагымсыз сындар, терс пикирлер да жазылып турат. Бирок, андай терс пикирлерге Самара сынбай, алар менен айтышпайт. Жөн гана өз иши алып барууда.

Ырчы буга чейин бийчилер тобун негиздеп, сулуулук салонун ачкан. Ага кошумча 2018-жылы Оштогу музыкалык окуу жайдын жетечиси болуп дайындалып бирок 1 күндөн кийин кайра кызматтан алынган. 2017-жылы “Сулайман-Тоо” музей комплексине да директор болуп шайланып, элдин сынына кабылып, ал кызматтан баш тарткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!