Ырчы Сыймык Бейшекеев Майамиде эс алууда

Ырчы Сыймык Бейшекеев Майамиде эс алууда
11-Янв. 2019, Жума, 13:50

Ырчы Сыймык Бейшекеев АКШдагы Орландо шаарында үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн сүрөттөрүн, видеосун интернеттеги баракчасына жүктөдү.

Видеодо ырчы Майамиде эс алып жүргөнүн, кеменин ичинен суу үстундө баратып: “Бүгүн Майамиде 27 градус жылуу. Кемеде эки сааттан ашуун абдан жакшы саякат болду. Маямиде эң кымбат аралда болдук. Бул аралда кайсы белгилүүнүн үйү кайсыл жерде жайгашканын, ал канча миллион доллар тураарын кемедеги гир айтып берди. Ырчы Женифер Лоппес, Жеки Чан,Шакира, Мадоннанын үйлөрү ушул жерде экен...” дейт.

Ырчы АКШдагы диснейлендге да барып, ал жерде “жомок дүйнөсүнө келип калгандай болдук...” деп суктанганы да бар.

Өзүнүн сурөтүнүн алдына: “Арыбаңыздар журтташтар! Сарылар күнгө бат күйөбүз” деп тамаша иретинде жазып койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!