Элвис Преслинин кийимдери 600 миң долларга сатылды

Элвис Преслинин кийимдери 600 миң долларга сатылды
11-Янв. 2019, Жума, 14:13

АКШда аукциондо легендарлуу ырчы Элвис Преслинин кимдерин жана жеке буюмдарын сатышты. Сатуу иштери ырчынын мураскерлери тарабынан өткөрүлгөн. Бул тууралуу “CTV News” маалымат булагы билдирет.

Мемфистеги Грейсленд сарайында Элвистин туулган күнүндө аукцион өттү. Эң кымбат сатылган башкы кийим ырчынын кызыл бархыт көйнөгү болду. Ал 1956-жылы өзүнүн кичи шаары Тупелодо ырдаган кезде кийген. Лот 37,5 миң долларга бааланды.

30 миңге бриллианты бар алтын шакек сатышты. Аны Пресли көп концерттерине тагынчу, кийинчерээк аны атасына белекке берген.

Ошондой эле, аукциондо сахнадагы кесиптеши Джон Самнерге белекке берген Элвистин дагы бир шакеги коюлду. Ал үчүн 22,5 миң доллар төлөштү.

10 миң долларга ырчынын лыжа үчүн кийген күрмөсү жана “Люби меня нежно” фильминдеги афиша сатылды. 1956-жылы ал аталган фильмде башкы ролду ойногон.

Жалпысынан аукциондо 600 миң долларга киймдери жана буюмдары өткөн. 2019-жылы 8-январда ырчы 84 жашка чыкмак.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!