Ырчы сахнада унчукпай туруп берди

Ырчы сахнада унчукпай туруп берди
11-Янв. 2019, Жума, 15:39

Казак ырчысы Серик Ибрагимов сахнага чыгып ырдай турган ырынын сөзүн унутуп койду.

Жаңыдан элге тааныла баштаган жаш ырчы биринчи жолу жеке концертин берип жаткан. Сахнага чыгып, музыка ойноп жатканда ал унчукпай жылмайып туруп берди. Акырында музыканы токтотуп, кайрадан музыканы койду да элди карап: “Текстти унутуп койдум...” деп жылмайып койду. "Жок деме" деген ырдын музыкасы жаңыра баштаган экен. Бул ыры Казакстанда хитке айлана баштаган ырларынын бири болчу.

Көрөрмандар муну менен ал фонограммасыз жандуу үн менен ырдап жатам деп атайын жасады дешсе, айрымдары “пендебиз да, ырдын сөзүн унутуп койсо керек да” деген пикирлерин айтышты.

Ырчынын кантип уят болгонун бул шилтемеден көрсөңүздөр болот:

https://www.instagram.com/p/BsW9_O7nIJ5/?utm_sourc...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР