Айчүрөк Иманалиева темир тулпарлуу болду

Айчүрөк Иманалиева темир тулпарлуу болду
12-Янв. 2019, Ишемби, 11:53

Ырчы Айчүрөк Иманалиева жаңы машина сатып алганын видеого тартып, интернетке жүктөдү. Видеодо жаңы унаасын, үй-бүлөсүн, кызын, уулун көрүүгө болот.

Айчүрөк Иманалиева интернеттеги баракчасына: "Баарыңыздарды жаңы-жылыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. 12-январь биздин үй-бүлөдө үч туулган күн белгиленет. Арлен менен Аэлитаны туулган күнүмө белек кылып төрөп алгам. Алар төрөлгөндөн бери бул күн менин да туулган күнүм экенин унутуп да калдым. А быйыл мага белек кылып үй-бүлөлүк бюджеттен машина сатып алдык. "Тең жегенди теңирим сүйүптүр" дейт, муктаждарга колумдан келишинче жардам берүүгө аракеттенем. Менде болгон жакшы нерсе жалпы эл-журтумдун баарында болушун каалайм. Тирүүлүктө бири-бирибизди колдоп, сүйөп жүргөнгө эмне жетсин"-деп жазган.

Ырчынын бул жазганына ар кандай пикирлер жазылды. Айрымдары чын жүрөктөн куттуктайбыз дешсе, кээ бири “ушу ырчылардын мактангандары тажатты” деген сыяктуу пикирлер жаралды.

Ал эми ушул сыяктуу видеону жакында эле ырчы Анжелика да чыгарган эле. Ал да темир тулпар сатып алганын видеого жүктөгөн. Ал эми Айчүрөк айымдын чыгарган видеосунан улам экөөнүн ортосунда тымызын атаандашуу бар дегендер да болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!