Киану Ривз көп жылдан бери кайрымдуулук менен алектенет. Себеби эмнеде?

Киану Ривз көп жылдан бери кайрымдуулук менен алектенет. Себеби эмнеде?
12-Янв. 2019, Ишемби, 12:28

Атактуу адамдар биздин өмүрүбүздөн башкача өмүр сүрүшөт. Анткени алар байлык менен гедеонизмге алданышат.

Бирок ага карабастан көпчүлүгүнүн жүрөгү таза жана алар кайрымдуулук аркылуу дүйнөнү жакшыртууга аракет кылышат. Мисалы, Джоан Роулинг “Lumos” деп аталган балдардын кайрымдуулук уюмун ачкан. Анда түрдүү ооруларга чалдыккан, ата-энеси жок балдарга жардам берип келет. Ал эми «Джон Уик» жана «Матрица» тасмаларынын башкы каарманы Киану Ривз көп жылдан бери кайрымдуулук иштерин жасап келээри белгилүү.

Бардыгыбыз эле Киану Ривз деген ким экенин билебиз

Эгер Киану Ривздин атын атасаңыз араңардагы 10 адамдын 9 ким жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүшөт.

Чыгармачылык өмүр жолу жөнөкөй гана башталган

Ривз өзүнүн чыгармачылык чыйыр жолун «Невероятные приключения Билла и Теда» тасмасында Тед Логандын ролун жараткан. Андан кийин олуттуу ролдорго тартылып баштаган.

Комедиялык жанрдан драмага өткөндө анын аткаруусундагы фильмдерди сынчылар “жандуулук жок, жыгач сыяктуу” деген сын-пикирлерин айтышкан.

Аны акцент менен сүйлөй да албайт деп да айтып чыгышкан.

Анын режиссер Фрэнсис Форд Копполонун «Дракуле Брэма Стокера» фильминдеги англис тилиндеги акценти эң начар деп бааланган.

Бирок акыр аягы ал өзүнүн ордун тапты

Бактыга жараша Ривз голливуд дүйнөсүнөн өз ордун «Скорость» жана «Матрица» фильмдериндеги ролдору аркылуу тапты. Ал аркылуу сый-урматка ээ болуп, боевик тасмаларынын жылдызына айлана алды.

Ошондон тартып боевик тасмалары анын нан, майына айланды.

Бирок Киану мыкты актер гана эмес...

Анын кээ бир аракеттери таң калтырса, кээ бири күмөн туудурса да Киану албетте жакшы адам.

Ал чыныгы кайрымдуулуктун баатыры

Жакында гана белгилүү болгондой ал балдар ооруканасына миллион доллардан которуп турган. Ал муну 10 жылдан ашык убакыт жасап келген.

Ривз 10 жыл мурун түзгөн фондду аркылуу бул кайрымдуулук иштерин жасап келген.

Киану Ривз 2009-жылы кайрымдуулук тууралуу “Ladies Home Journal” журналына берген маегинде фондду тууралуу айтып жатып сөз кылган. Бирок белгисиз себептерден ал унутулуп калган.

Киану Ривз жөнөкөй жашоосу менен да белгилүү

Эгер анын голливуддагы кесиптештерине караганда, алардын кээ бири миллионду майда-чүйдө нерселерге короткон, Киану жөнөкөй жашоо сүрөт. 4 миллион доллар турган эки уктоочу бөлмөсү бар үйдө турат. Ал өзүнүн байлыгын жар салбайт.

Киану Ривзди дизайнердик кийимдери жана буюмдары менен мактанбайт, аны жөнөкөй кийими менен бир нече жолу метродон көрүшкөн.

Рак менен ооруган балдарга берген жардамы анын жеке трагедиясына байланыштуу. Анын жакшы көргөн адамдарынын бири да рак менен ооруган.

90-жылдары Киану Ривздин Ким деген карындашынан лейкемия дартын аныкташкан. Ким бул коркунучтуу дарт менен тогуз жыл бою тынбай күрөшкөн. Ал агасынан дем күч алып турган.

Жашоонун сыноосунан өткөн Ким атактуу агасынын жардамын артка кылчайып эске алып турат.

Актер өзүнүн Джон Уиктеги каарманы сыяктуу жөнөкөй жана тынч жашоодо, ММКнан алыс болууну каалайт.

Киану өзү жасап жаткан кайрымдуулук иштери тууралуу жар салбай азыркы күнгө чейин жасап келет. Рахмат сага Киану!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР