Назира Айтбекова: “Сүйүү дегенде оюма “Фуууу” деген сөз келди...”

Назира Айтбекова: “Сүйүү дегенде оюма “Фуууу” деген сөз келди...”
12-Янв. 2019, Ишемби, 13:55

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова интернеттеги жеке баракчасын дайыма жаңы посттору менен толуктап, жан дүйнөсүнөн чыккан ачуу чындыктарды жазып турат. Бул жолу Назира айым сүйүү тууралуу жеке пикирин билдирген экен.

“Сүйүү жөнүндө жазыңызчы- дегенде дароо оюма - Фууу! - деген сөз келди. Жинди го дедим ичимен. Бир эсе күлкүм келди. Чочуп кеттим. Тим эле жалкыгандай фууу деп!)) Өмүр бою сүйүүдөн сүйрөлүп жүргөнсүп...Балам да бир жолу, - Апа, чоңдор эмнеге ажырашат?- деп сурады. - Сүйүүсү түгөнүп, өчүп калат анткени, - дедим. - Ал эмне түбөлүктүү эмеспи? - Эне баланыкы, экөөбүздүкү түбөлүктүү! Башкасын билбейм, балам! Балким бардыр, - дедим ишенип - ишенбей. Өзүм тааный элек сүйүүнү чокума сүрөттөймбү? Мен сүйүү деген нерсе сүйүү эмес чыгып атса деп сүйлөнүп алдым ичимен. Ойлондум. Башында укмуш жалбырттайт. Жаныңда турса, демиңен башка эч нерсе угулбай. Делбектеп. Бутуң жерден кесилип. Башында баары кумарлуу. Анан экөөң бириңе-бириң көнүп калган соң, баары көнүмүшкө айланат. Ал тургай иренжиткен кемчиликтери көрүнө баштайт. Денең денесине тийгенде мурункудай титиребейт. Үй бүлө курган соң, романтика автоматтык түрдө жоголот. Романтикаң бириңди бириң багындырып аткан кезде эле болот окшобойбу. Үй бүлөдө титиреген сезим 3 - 5 жылда өлөт. Анан жөн эле бир туугандык, достук сезимдер калат. Өзүбүздү өзүбүз алдап, сүйүү балага өтүп кетет дейбиз. Баланыкы башка да! Бала үчүн байланып, ууланып, бирин бири жек көрүп, айласыздан чыдагандарга кыйын. Бала сезбейт деп ойлошот. Жаңылышат. Сыртта сүйүү жашап, бирок үйгө келип, башка милдетти аткарыш эки жүздүүлүк эмеспи же өзүн-өзү алдоо? Үйдөгү эл көзүнө деген "үлгүлүү" үй бүлөнүн кажети кайсы? Сүйүү дегениң алыстан, бири бириңдин ыкый - быкыйыңды көрбөгөн, өзүңө улам укмуш жарнама жасап, чач - башыңды оңдоп - түздөгөн кезде эле болчу неме го. Аны көр тиричиликке кийлигиштирбей эле койуу керектир? Тажатпай, таза тутса, узун сүрөттүр...антейин десең, бүлөнүн баркы кетет. Кыскасы, эки адамдын сүйүүсүнө тишим өтө элек. Өзүңдү өзүң сүй деген темада жүрөм азыр. Өзүңдү сүйгөндө анан өзгөнү сүйүп баштайттырсың... Х.З! Тим эле математикадан эсеп чыгарып аткандай, мээм чирип кетти го!))”- деп сөзүн аяктаган Назира айым.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Хабиб UFC турнири Москвада болоорун айтты
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кетип үч адам көз жумду
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
​UFC тарыхындагы экинчи эң ыкчам нокаут катталды
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кыргызстанда балык чарбалары өнүгүп жатат
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Кадамжай каналынан 12 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
Роналду бир жумалык эс алууга канча төлөдү?
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Балдарын сабаган жигитке аялы арыз жазган жок
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
​Аргентина курамасы Мессини эс ал дешти
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Самара Каримова жалпы айымдарга эмне белек кылды?
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Анжелика Кайратова: Шарм-эш-Шейхтин жашоочуларындай болууну чечтим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Шайыр Касмалиева: Мен актрисамын, өмүргө эркеледим
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Айтбүбү апа: Балам, картайдым. Апаң сени күтүп жатат (видео)
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт
 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Жоголуп кеткен 4 жаштагы бала табылды (видео)
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда
​Футбол клубдары жаңы Роналдуну талашууда