Ырчынын бриллиант сөйкө-шакегин уурдап кетишти

Ырчынын бриллиант сөйкө-шакегин уурдап кетишти
12-Янв. 2019, Ишемби, 14:18

Казакстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Макпал Жунусованын Астанада өткөн концертинде анын бриллиант шакек-сөйкөлөрүн белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин интернет баракчасына жазып чыкты.

Ырчынын айтымында ал сахнага чыгаарда бриллант сөйкө менен шакегин тагынып, ырдап келгенден кийин кутучага салып койгон. Гримм коюучу жерде толтура башка ырчылар, техникалык кызматкерлер жүргөнүн айтат.

“Бул шакек сөйкөлөрүмду гана алып, бриллиант билеригимди үйгө калтырып койгом. Мен бул жоготкон бриллианттарымдан кедей деле болуп калбайм. Бирок албетте, абдан ыңгайсыздыкты жаратты, мындан кийин эсимде болот, ким уурдады деп иликтебейм деле, бул жерде жүргондөрдун кимиси ууру экенин деле билбейм, бирок баары Аллахтын колунда”,- деп жазды.

Ал эми ырчынын күйөрмандары “Башың аман болсо мындайдын далайы келет”, “Баштан көздөн садага” деген сыяктуу сөздөрдү айтып жооткотушту.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!