Ырчы Аяна Касымова Нурсултан Азыкбаевди башкага алмаштырабы?

Ырчы Аяна Касымова Нурсултан Азыкбаевди башкага алмаштырабы?
2-Фев. 2019, Ишемби, 12:04

Чыгамарчылыкта мукам үндүү ырлары менен таанымал болгон, кыз-жигит Аяна Касымова менен Нурсултан Азыкбаевдин мамилеси учурда катуу талкууга алынууда.

Анын себеби Аяна Касымова тайпалаш дос жигит менен кучакташып түшкөн сүрөтү жана ырдаган ырлары болду.

Аяна ачык эле инстаграм баракчасына кучакташып түшкөн бейтааныш жигит менен сүрөтүн жүктөөрү менен аны тааныгандар "Нурсултан кызганбайбы?", "силер сүйлөшпөй калдыңарбы?", "ачыгын айтпайсыңарбы?" деген суроолор жазыла баштады.

Ырчы кызды кучактап түшкөн Карим аттуу бейтааныш жигит да баракчасына Аяна менен түшкөн сүрөтүн жүктөп “жаным” деп ага жылуу пикирин жазган. Ал эми Касымова да ага жооп иретинде “алтыным” деп жазганы хейтерлерди тынчсыздандырды.

Бирок Аяна Касымова менен Нурсултан Азыкбаев да бир ооздон:

"Биз чыгармачыл адамдарбыз, туура эле көз караштабыз", -деп маалымат беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!