Кайрат Примбердиев англисче ырдап, өзгөчө клип тарттырды (видео)

Кайрат Примбердиев англисче ырдап, өзгөчө клип тарттырды (видео)
2-Фев. 2019, Ишемби, 13:24

Ырчы Кайрат Примбердиевдин "Deeper into iove" аталышындагы англис тилинде ырдаган ырынын клиби элге жылуу пикир калтырды. Клип жарыкка чыгаары менен ырчынын дарегине жылуу пикир, каалоо-тилектер айтыла баштады.

Ырчы Кайраттын ыры да, клиби да өзгөчө болгондугун жана эл кайталанма клиптерден тажаганын айтышууда. Эл "Кайрат жаш муун сенден үлгү алышы керек, дүйнөлүк сынактарга качан чыгасың?" деген өңдүү суроолорду да берип жатышат.

Аларга ырчы: "буюрса дүйнөнү багынтуу ниетим бар",- деп жооп берди.

Заманбап стилде тартылган клипке жылуу гана пикирлер айтылды, эч кандай сындар азырынча айтыла элек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!