Анжелика чачын кыскартып, арстан менен клип тартты

Анжелика чачын кыскартып, арстан менен клип тартты
4-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 11:39

Эл канчалык сындаса да сынып калбай, тескерисинче кайраттанып, күчтөнүп эмгектенген ырчы Анжелика Кайратова жакында жаңы клип тарттырып, чачынын стилин өзгөрткөнүн жар салды.

Жакында Анжелика чачын "карэ" стилинде кыркып салганын жарыя кылганда, көпчүлүк күйөрмандары ар кандай суроолорду узатышкан эле. Ырчы: "баардык суроолорго жакында жооп аласыздар" деген жообун берген.

Ал эми жакында эле Алматыга барып арстан менен жаңы клип тарттырганын кабарлады:

"Бишкектен Алматы шаарына түшкү үчтө чыгып, түнкү үчтө үйгө аман-эсен кайтып келдик. Мая аттуу кичинекей арстан менин клибиме тартылды. Кучактап турган учурларды тартууда колумдун баарын жакшы эле тиштеттим окшойт" -деп жазды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!