Сьездбек Искеналиев менен Элзар Өскөнбаевадан “Кантың бар” (видео)

Сьездбек Искеналиев менен Элзар Өскөнбаевадан “Кантың бар” (видео)
5-Фев. 2019, Шейшемби, 11:21

Кыргыз эстрадасында өзгөчө орду бар ырчы Сьездбек Искеналиев менен Элзар Өскөнбаева “Кантың бар” аттуу ырга клип тарттырды.

Клип жаңы гана экранга чыгып, Ютуб каналына жүктөлөөрү менен 20 миңге чукул көрүүчү топтоп, элдин сынына коюлду.

Чындыгында клип жогорку деңгээлде тартылгандыгы, кыргыздын нукура баалуулуктары, искусствосу, маданияты жана комузда "так текени" ойноткону, ошол так текенин образын чагылдырылганы менен өзгөчөлөнүп тураарын ырчынын күйөрмандары айтып, жазышууда.

Клипте Искеналиев менен Өскөнбаева мүйүз тагынып алып "так текени" бийлегени бар, бул да көрүүчүлөргө жылуу пикир калтырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!