Назира Айтбекова: “Акылмандык жашка жараша өспөйт окшойт”

Назира Айтбекова: “Акылмандык жашка жараша өспөйт окшойт”
5-Фев. 2019, Шейшемби, 13:32

Белгилүү алып баруучу, блогер Назира Айтбекова интернеттеги жеке баракчасы аркылуу жашоодо, коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү жазып, элдин талкуусуна коет. Бул жолу ал учурдагы улгайган адамдар тууралуу жазыптыр. Эскерте кетсек, Назира айымдын улгайган адамдар тууралуу бул посттуна дээрлик каршы пикир жазылган жок.

“Кичинекейимде жомокторду, чыгармаларды көп уккангабы, айтор, улуулар, сакалдуулар, бай - байбичелер мага караңгыда көз таап, карайлаганда сөз таап, акыл чөйчөгүнөн тажрыйбасын алып, жаштарга таажы кылып, таалайын ачып, көсөм болуп, көрбөгөндү көргөзүп турчудай туюлчу. Көчөдөн абышка - кемпир көрсөм, баса калып өпкүлөп, элжиреп - эзилип, эркелеп жатып калчумун. Баары эле энемдей боорукер, таятамдай акылдуу, таенемдей көрөгөч туюлчу. Небересинен тамак катып жеп, баласынын бактысына балта чапкан бир энени көрдүм кийин. Таң калдым, тарс жыгылдым. Чоң адамдардын айрымдары чоңойбой калганы өкүнүчтүү экен дедим ичимен. Жашоо миң ирет тарбияласа да, өпкөгө далай жолу турмуштан жесе дагы тейтектеген, жеңил, акылсыз мүнөзү мн калгандары арман. Карыялар даанышмандыгын кылбай, кечээки чечек эбиреп - жебиреп, акылдуу болуп, аңтарып сүйлөп жатса кызык. Улуулардан улуулукту, жаштардан сулуулукту күткөн кезде тескери келсе, жаман. Көп эле агаларды - эжелерди көрдүм. Акылмандык жашка жараша өспөйт окшойт. Жаштардан өтүп жеңил. Улуулардын эсине! Биз, жаштар, силерден даанышмандыкты күтөбүз. Акылыңардан алып, ай жарыгы кылып, караңгыда жол издегибиз келет. Кенедей баладай желпилдеп, жеңил болуп, тейтектеп, тескери басканды токтотсо. Жүзүнө бырыш бүткөн сайын жүрөгүнө мээрим бүтсө. Жашы өйдөлөгөн сайын, текеберлиги ылдыйласа. Чачы агарган сайын, дили тазарса. Төрүнөн көрү жакындап жатканда жаманы жуулуп, жакшысы жукса. Биз элестеткен касиети күч чоң энелер, чоң аталар, аталар, апалар келсин! Силерди сагынган балдарыңар, неберелериңер бар!) #жөнэлеойлор”- деп аяктаган посттун

.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!