Дима Билан тууралуу “Биландын платенасы” аттуу китеп чыкты

Дима Билан тууралуу “Биландын платенасы” аттуу китеп чыкты
7-Фев. 2019, Бейшемби, 11:55

Жакында эле Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Дима Билан өзүнүн өмүр баяны тууралуу китеп жазып, элге тартуулады. Ырчынын китеп жазганы туурасында орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Ырчы Дима Биландын жазган китеби "Биландын планетасы" деген аталышта чыккан. Китепте ырчынын бала чагынан тартып азыркы убакытка чейинки жашоосундагы маанилүү учурлар камтылган.

"Жеке жашоо менен чыгармачылыктын ортосунда тандоо болуп калганда дайыма экинчисине токтолчумун. Чыгармачылыкка акча табуу максатында эмес, музыкага болгон сүйүүм күчтүү болгондуктан аралашкам", - деп жазган ал китебине. Ырчы чыгармачылыгын өзүнүн жеке жашоосунан биринчи койгондуктан үйлөнбөй жүргөндүгүн түшүндүргөн. Ошондой эле жеке жашоосу менен чыгармачылыгын бирге алып кете албай жаткандыгына өкүнгөнү маалыматта жазылат.

Эскерте кетсек, Дима Билан 1981-жылы 24-декабрда төрөлгөн. Атак-даңкка жетип, таанымал болгон 38 жаштагы ырчынын жеке жашоосуна кызыккандар арбын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!