Ырчынын баласы жардамга муктаж

Ырчынын баласы жардамга муктаж
8-Фев. 2019, Жума, 13:17

Убагында кыргыз эстрадасында "Малышка Би", "Беги за ней" ыры жана "Жатакана" сериалындагы ролу менен таанылган ырчы Нурбек Савитахуновдун уулу жардамга муктаж. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына чыгармачылыктан алыстап кеткенинин себебин түшүндүрүп жатып жазган:

"Бир нече жыл мурун чыгармачылыктан алыстап кеттим. Мунун жүйөлүү себептери бар. 2015-жылы жубайым Альбина экөөбүз тун наристелүү болуп, ага Артур аттуу ысым ыйгарганбыз. Уулубуз 6 айынан тарта жапайы жана үй жаныбарларынын аттарын билип, 2 жашында тамга таанып, санаганды үйрөнүп алган. Жер-жемиштердин аттарын атап, мен билбеген геометриялык формулаларды айтып, эки тилде эркин сүйлөшө алчу. Ырларды да дал өзүндөй кылып аткарып койчу. 2-уулубуз Алан төрөлгөнгө чейин Артур бат-баттан ооруп, түнү бою уктабай, ачуулуу болуп, адамдын көзүнө тик карабай, атынан чакырсаң дагы маани бербей калды. Ал түшүнүксүз тилде сүйлөп, түз жерден кулап, жерге жатып, колуна тийген нерсени жегенге өттү. Эч нерсеге кызыгуусу жок болуп, коркуп, коргонуу инстинкти жоголду. Артур өзүнүн дүйнөсүндө, өз кызыгуулары менен алек болуп калган. Бирок ал бизге муктаж болгон кезде ар дайым жанында болдук. 3 жашка чыкканда дарыгерлер ага аутизм синдрому деген диагноз коюшту. Жубайым экөөбүз болгон күч-аракетибизди жумшап, дарылоого кириштик. Артурдун чоң энелеринин жардамы менен дарылануусуна 13 миң доллар каражат кетирдик. Буюрса, уулубузда жакшы өзгөрүүлөр бар. Бирок толук кандуу калыбына келүүсү үчүн дагы убакыт жана каражат керек. Учурда уулубуз үчүн ар бир күн, ар бир саат маанилүү. Биз Артурду толук айыктыруу үчүн 18 айлык реабилитация борборунан дарылануубуз кажет. Буга 45 миң доллар талап кылынат. Андыктан кол сунган адамдардын ар бирине Альбина экөөбүз ыраазы болобуз. Биздин аракетибиз жана силердин айкөлдүгүңөр менен уулубуз айыгарына ишенебиз", - дейт Нурбек Савитахунов.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты