"Гүлбүбүнү жоготкондон бери топтун ичи томсоруп калды"

8-Фев. 2019, Жума, 13:31

“Достор” тобунун ырчы кыздарынын бири Гүлбүбү Ороскул кызынын дүйнөдөн кайтканы сахналаш курбулары аны азыркыга чейин жоктоп, ал тууралуу жылуу пикирлерди эскерип келишет.

Ырчы Гүлзат Байзакова сахналаш курбусу Гүлбүбү Ороскул кызын эскерип, дос деген кандай болоорун айтты:

" Гүлбүбү экөөбүз “Достор” тобуна чейин эле ал студент кезинде таанышканбыз. Бир жолу тебетей тиккен Гуля эжеге бармай болдук. Анда экөөбүздүн тең унаабыз жок. Бир топ жерди жөө жүрүп таап барганбыз. Бул тууралуу Гүлбүбү дайыма: “Эже, билесизби, ошондо мени жашсынтып барбай койбой ээрчитип барып тебетей тиктирип бергенсиз”,- деп көпкө айтып жүрдү. Адамдын кылган жакшылыгын эзели унутчу эмес. Өзү да дайыма жакшылык кылгысы келип турчу.

Сахнага чыкканда “Достор” тобундагы кыздар бири-бирибиз менен көз менен сүйлөшөбүз да. Бир жолу Токтогул районуна концерт коюп бардык. “Кошуңуз, агай” деген жаңы чыгарманы аткарып атканда алдыңкы катарда турган мырза аябай кол чаап жакшы отурду. Гүлбүбүгө “бийге тарт” деп көз ымдап койдум эле дароо түшүндү. Экөө бийлеп, кайра башка кыздар менен ыр бүткүчө жыргап бийледи. Кийин кетели деп атсак ошол мырза “толтура элдин арасынан мени бийге чакырганыңарга ыракмат” деп аябай сыйлап узаткан.

Гүлбүбүнүн асыл сапаттарын санай берсем түгөнбөйт. Андан айрылгандан бери асыл буюмумду жоготкондой буулугуп жүрөм. Топтун ичинде да ортобуз аңырайып томсоруп отуруп калдык",-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту