Гүлмира Ташматова: Айылга барсак “сүйлөгөн концерт” келди” дешти

Гүлмира Ташматова: Айылга барсак “сүйлөгөн концерт” келди” дешти
9-Фев. 2019, Ишемби, 14:39

Акыркы кезде тартылып жаткан кыргыз тасмаларында далай ролдорду жаратып, сахнада спекталдерде ойногон, чет өлкөлүк тасмаларды кыргызчалаганда үн коштогон белгилүү актриса Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлмира ТАШМАТОВА менен zaman.kg маалымат агенттигине учурдагы маданият тармагы, чыгармачылык, жашоо-турмуш тууралуу маек курдук. Учурда Гүлмира айым Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын алдыңкы актрисаларынын бири.


-Сиз Кыргызстанда акыркы жылдары тартылган бир топ кинолорго катышып, роль жараттыңыз, учурда актриса катары айтсаңыз, азыркы учурда кыргыз тасмаларынын абалы жана келечеги кандай деп ойлойсуз?

- Азыр кыргыз тасмаларынын абалы мурунку 1990-жылдарга караганда кинолор тартылып, фестивалдарга катышып, “Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” болуп калбадыбы. Ушул сыяктуу фестивалдарды өткөрүп жатат, бул жакшы көрүнүш. Мурда 90-жылдары биз инститту жаңы аяктап келип, иштеп жатканда тасма тартуу токтоп калган. Ошол учурда маданият, театр, кинолор токтоп калып, чыгармачыл адамдар да эч кандай роль жарата алган эмес. Ага караганда азыр тасмалар тартылып, эл аралык фестивалдарга да катышып жатканы бул жакшы көрүнүш. Чет өлкөгө фестивалдарга катышып биздин тасмалар сыйлыктарды алып келип жатканы да кубандырат. Кино жааты өркүндөп-өсөт деген үмүттөмүн.

-Сахнада роль ойноп, театрда расмий иштейсиз, чыгармачылыгыңыз кантип атат, сиздердин театрда жаңы спектаклдер даярдалып жатабы, сиз роль аткарып жатасызбы?

- Ооба, азыркы учурда биздин театрда Николас Байкердин “Метро” деген пьесасына даярданып жатабыз. Бул спектаклдин режиссеру Эген Чалабаев. Даярдык жакшы. Март айларында спекталдин премьерасы болуп калат деген ойдомун.

-Чыгармачылык дүйнөгө келсек, сиз бул чөйрөдөн эмнени таптыңыз жана эмнени жоготтуңуз?

- Чыгармачылык дүйнөдөн мен өзүм кичинемден бери сүйүп,ушул актрисалык кесипке жетсем деген максатыма, кыялыма жеттим. Өзүм жакшы көрүп, кумир туткан артист, актрисалардын айрымдары менен да чогуу иштешип калдым. Алардан сабак да алдым. Өзүмдүн сүйгөн кесибимди таптым. Кудайга шүгүр, жаман болгон жокмун деп айта алам. Ал эми жоготконум биздин чыгармачыл башатыбыз СССРдин бузулган учуруна туш келип калды. Биз институтту аяктап жатканда ошол кездеги Маданият министрлигинен, Өкмөттөн барып, силерге театр курулат, жакшы шарттар түзүлүп жатат деп айтышкан эле. Ошондой ой менен, жакшы кыялдар, максаттар менен келгенбиз. Бул жакка келип, театрыбыз курулганга чейин эле СССР курап калды.Ошол кезде маданиятка көңүл бурмак түгүл ар ким өзүнүн оокаты менен алек болуп калды дагы, биз ошондой сүлкүлдөп турган жаштык кезибизде жакшы ролдорду ойнобой, жакшы кинолорго тартылбай калдык. Жакшы кыял, максаттарыбыздын жарымы орундалбай калды.

- Эгер сиз чет өлкөдө же Голливудда жашасаныз төлөнгөн гонорарларыңыз менен бир топ бай адам болмоксуз, а бизде артисттер гонорары менен байыганга болобу?

- Албетте Голливуддун артисттеринин гонорары менен биздикин салыштырганга болбойт. Анткени алардын гонорары абдан чоң болгондуктан ошол акчасы менен эле абдан байып, өркүндөп өсүп жатышпайбы. А биздин гонорарларды айткандан да уяласың, абдан аз. Бизде киного тартылган гонорар менен байып кетүүгө мүмкүн эмес.

- Театрдын маянасы анча көп эмес экени белгилүү, сиз кошумча каражат табуу максатында дагы кандай иштерди жасайсыз?

- Биз бюджеттик кызматта иштеп жаткандан кийин биздин театрлардын акчасы аз. Мен эң жогорку чебер актриса катары 6000 сом маяна алам. Ага мамлекеттик наамымдын 2500 сому кошулат.Ошондо жалпысынан 8500 сом.Албетте бул жашоого жетпейт. Ошондуктан башка жакта да иштегенге туура келет. Башка жакта деле эмес, ошол эле сферада иштейм. Ар кандай котормолорго барам. Башка чет өлкөлүк фильмдерди кыргызчалаганга катышам.Ошол эле учурда менчик студияларда сабак берем. Кинолорго ролго чакырып калат, аларга барып тартылам. Андан тышкары декоративдүү косметика саткан сетевой маркетингде да иштейм.

- Жашоодо эмнеге кайгырасыз жана эмнеге шүгүр кыласыз?

- Бул жашоодо атамдын көзү эрте өтүп кеткенине кайгырам. Ал 47 жашында каза болгон. Биздин чайыбызды ичип, сыйыбызды көрбөй кеткенине кайгырам. Ал эми шүгүр кылганым болсо апам, балдарым жанымда. Алты саным аман, бир туугандарым бар, алардын жашоолору жакшы. Ошонун баарына шүгүр кылам. Кудайым берерин унутпасын. Эртең менен таңды көргөнүбүзгө да шүгур кылыш керек. Абдан бай болсо да ден-соолукту сатып алганга болбойт эмеспи. Ошондуктан ден соолугубуз чың, алты саныбыз аман, басып, иштеп, жашап жүргөнүбүзгө да шүгүр кылышыбыз керек.

-Кыргызстан маданиятынын учурдагы абалы сиздин купулуңузга толобу?

- Учурдагы Кыргызстандын маданиятынын абалы мени канааттандырбайт. Анткени маданияты жок эл болбойт деп коет эмеспи. Анын сыңарындай азыр деле биз ишенген, биз үмүт кылган жогору жакта отурган адамдардан маданиятка көңүл бурулбай жатканы өкүндүрөт. Маданиятка көңүл буруп, маданиятыбызды өстүрсөк, театрларыбыз өнүксө, мурдагы Союздун учурундагыдай болуп, мамлекет тарабынан кино тартканга, спектакль койгонго каражат бөлүнүп турса гастролдорго чыгып турса жакшы болмок. Ошол убакта 1989-90-жылдары төрөлгөн балдар 29-30га чыгып калды. Шаардагылар болсо теарларга анда-санда барып, көрүп жатышат. Ал эми айылдагылар болсо театр эмне экенин да унутуп калышты. Мурда Союздун убагында айылдарды кыдырып, театрлар спекталдерди көрсөтүп, гастролдорго барып турушчу эле. Биздин убакта шаардан, райондон театрдын артисттери келип спектакль коюп, биз көрүп, ошол спектакль аркылуу таалим-тарбия алчубуз.Азыр мамлекет колдобогонунан, театр койгон спектаклдер айылдарга койбогондон улам, гастрол болбой калганы өкүнүчтүү. Азыр ырчылар эле барып айылдарга концерт коюп кетишет. Мындан үч-төрт жыл мурун бир спектакль менен Ысык-Көл облусунун айылдарына көрсөтөлү деп барып калдык. Эл театрга келбейт экен.Келишсе дагы “сүйлөгөн концерт келиптир” деп айтышты. Анткени ошол убактагы төрөлгөн балдар азыр чоңоюп, спектакль, театр дегенди билбей калышыптыр.Алар көрсө телевизордон көрүшөт, бирок жандуу театрды көрө элек экен. Алар төрөлгөнү спектакль, театр дегенди көрбөсө, айылга ырчылар эле барып ырдап, концерт коюшса анан билишпейт да. Биз барганда кээ бир айылдын эли эмнеге ырдабайсыңар, “сүйлөгөн концерт келди” дегендер болду. Ошондуктан мурунку Союзду убагындай театрларды гастролдорго чыгарып, элет жакты кыдырсак биздин маданиятыбыз да өсөт эле. Элеттиктер театр, спектакль көрсө андан таалим-тарбия алат эле дейм.

- Кыргыз элине эмнелерди каалайт элеңиз?

- Кыргыз элиме мен аманчылык, токчулук, өркүндөп-өсүүсүн каалайм. Чет жакта мигрант болуп жүргөн жердештерибиз иштеп жүрүшөт. Кыргызстанда жакшы шарт түзүлсө, иш табылса, айлыктары көтөрүлсө,алар дагы кайтып келип, өз мекенинде балдарынын, үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин маңдайында өз жеринин суусун ичип, абасын жутуп,ушул жерде жашаса деген ойдомун. Чет өлкөдө жүргөн канчалаган мекендештерибиз ар кандай кырсыктарга кабылып, сөөктөрү келип жатат, бул жакта калган мигранттын балдарынын канчасы кароосуз, зордук-зомбулукка кабылып жатышат. Ушулардын бардыгы жашоонун, жетпеген турмуштун, көр оокаттын айынан келип чыгууда. Эгер өлкөбүздө завод-фабрикалар ачылып, татыктуу жумуш болсо эч ким, эч жакка үй-бүлөсүн, бала-чакасын таштап кетпейт эле. Жогору жактагы чиновниктер өздөрүнүн эле турмушун оңдоп отура беришпей карапайым элди да ойлоп, маяналарды көбөйтүп, жумуш ордун таап берсе чет жактагы мекендештерибиз деле кубанып элине, жерине кайтып келишмек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Коркунучтуу куш ээсин жара тартты
Коркунучтуу куш ээсин жара тартты
Төрага терроризмдин жайылуусуна соцтармактар чоң таасир берип жатканын айтты
Төрага терроризмдин жайылуусуна соцтармактар чоң таасир берип жатканын айтты
Абылгазиев: 2018-жылы бир катар жаңы ооруканаларды ачтык
Абылгазиев: 2018-жылы бир катар жаңы ооруканаларды ачтык
Чиркөөнү оңдоого 48 саат ичинде 1 миллиард евро чогулду
Чиркөөнү оңдоого 48 саат ичинде 1 миллиард евро чогулду
Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады
Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады
Бетке арналган маскалар
Бетке арналган маскалар
Жаңы “Samsung Galaxy Fold” уюлдук телефонунда маселе жаралдыбы?
Жаңы “Samsung Galaxy Fold” уюлдук телефонунда маселе жаралдыбы?
Аял кишини алдап, акча алып жүргөн жаран кармалды
Аял кишини алдап, акча алып жүргөн жаран кармалды
Шишкебектен өрт чыгарган студенттер 13 миллион евро төлөйт
Шишкебектен өрт чыгарган студенттер 13 миллион евро төлөйт
Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти
Мухаммед Салах башкы машыктыруучу менен уруша кетти
Бажы кызматы контрабандалык жүктү кармады
Бажы кызматы контрабандалык жүктү кармады
 Төө-Ашуудагы туннелдин ичиндеги түтүн тазаланды
Төө-Ашуудагы туннелдин ичиндеги түтүн тазаланды
“Кыз-Бурактын” кызы Айтурган Эрмекованын алгачкы концерти өттү
“Кыз-Бурактын” кызы Айтурган Эрмекованын алгачкы концерти өттү
Дүйнөдөгү эң толук баланын абалы учурда кандай?
Дүйнөдөгү эң толук баланын абалы учурда кандай?
Назира Айтбекова: Баланын жашоосуна болгон ынтызарын качырбагыла
Назира Айтбекова: Баланын жашоосуна болгон ынтызарын качырбагыла
​УЕФА: Аптанын мыкты футболчуна талапкерлер аталды
​УЕФА: Аптанын мыкты футболчуна талапкерлер аталды