Майрамбек Осмонов төш белги менен сыйланды

Майрамбек Осмонов төш белги менен сыйланды
12-Фев. 2019, Шейшемби, 15:13

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу, көп кырдуу талант Майрамбек Осмонов бүгун 12-февралда маданият жана искусствону өнүгүүгө кошкон эмгеги үчүн Парламент аралык ассамблеянын кеңешинин төш белгиси менен сыйланды.

Эскерте кетсек, ырчы Майрамбек Осмонов чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын маданий күндөрүндө өлкөбүздүн атынан ар дайым иш-чараларга активдүү катышып келет.

“Чындыгында Кыргызстандын маданий күндөрү чет өлкөдө өтүп жатканда алар биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду гана билишет. Ал түгүл Кыргызстан деген өлкө бар экенин да билбегендер бар. Кыргыздын маданияты менен дүйнөгө тааныла алабыз” дейт ырчы менен байланышканыбызда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!