Нурзат Токтосунова кыздуу болду

Нурзат Токтосунова кыздуу болду
13-Фев. 2019, Шаршемби, 16:50

Белгилүү теле алып баруучу Нурзат Токтосунова бүгүн көз жарганы боюнча анын жолдошу Максат мырза инстаграм баракчасына жазып, сүйүнчүлөдү.

Максат мырзанын айтымында ымыркай айына жетпей төрөлгөн.Кыздуу болгон Максат мырза элден бата сурап, кубанычын жашыра албады.

Эскерте кетсек, Нурзат айым буга чейин көп убакыттан бери балалуу боло албай жүргөнүн, балалуу болуу анын кыялы экенин айтып келген.

Ал эми Нурзат айымдын күйөрмандары да кошо кубанып, жаңы төрөлгөн ымыркайга жакшы каалоо-тилектерди айтып, а түгүл жакшы аттарды да сунуштоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!