Гүлнара Тойгонбаева: "Элибиз бай болсо искусство да мыкты өнүгөт"

Гүлнара Тойгонбаева:
14-Март 2019, Бейшемби, 11:56

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы Гүлнара Тойгонбаева чыгармачылыгы, азыркы жашоосу, акыркы жаңылыктары тууралуу zaman.kg маалымат агенттигине маек берди.

- Гүлнара айым, учурда чыгармачылыгыңыз кантип жатат? Эмне менен алектенип жатасыз?

-Учурда өзүмдүн жеке чыгармачылыгым бир аз экинчи планга өтүп, артка сүрүлүп калды десем болот. Анткени төрт жыл мурун балдар телесынагын баштап алып, ал жөн эле телесынак болбой кеңейип, чоң долбоорго айланды. Ошол телесынакка келген балдарды туура ырдоого үйрөтүп, вокал боюнча студия ачтык. Анын үстүнөн жөн эле вокал берсек аз болуп калат экен, хореография, актердук чеберчилик кошуп, айтор ушул ачкан мектебибиз кичинекей таланттардын мектебине айланды. Ушул жакта кичинекей таланттуу балдар менен иш жүргүзүп жатабыз. Андан тышкары ошол өтүп кеткен эки жылдын ичинде жай айларында Артлагерь дегенди баштаганбыз. Ысык-Көлгө барып балдарды чыгармачылыкка үндөп, ошол жерден мастер-класстарды өтүп, абдан сонун жайкы эс алуунун көркүн чыгарган лагерь уюштурдук. Быйылкы жылы эл аралык фестиваль өткөрөлү деп пландап, иштеп, ушул демилгени көтөрүп жатабыз. Жакында биздин топ үч жашка толгонубузду белгиледик. Андан тышкары он жашка чейинки балдарды да топтоп "KGтай-jr" деген топ ачып, ушулар менен алек болуп жүрөм. Азыркы учурда НТС телеканалында биздин долбоордун төртүнчү сезонун өткөрүп атабыз. Март айында финал өткөрөбүз. Биздин конкурста ыр, вокал, бий, хореография боюнча бар. Бул бий менен ырдан башка сахнада эмнени көрсөтө алса алардын шыгы менен бааланат. Кудайга шүгүр, биздин бул топ гүлдөп жатат. Көп жакка гастролго чыгып, жакшы ийгиликтерди багынтып келип атабыз. Топ жаңы түзүлгөндө эле коңшу Казакстанда Алмата шаарында өткөн сынакта биринчи байгени жеңип алганбыз. Былтыр май айында Ташкент шаарына барып “Роза востока” деген фестивалга катышып, байге алып кайттык. Астанада өткөн дагы бир фестивалда биринчи орунду ээледик. Андан тышкары бул топ Кыргызстандагы мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катышып турат. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун” ачылыш аземинде Кыргызстандын гимнин чогуу ырдашты.

-Жаңы ырларды жаздырып жатасызбы? Бул жылга кандай чыгармачылык пландарыңыз бар?

- Ал эми өзүмдүн чыгармачылыгым, жаңы ырларды жаздыруу кичине токтоп турат. Жаңы чыккан ырларымды радиолорго беришим керек эле, ошолорду жасашым керек эле. Учурда бардык убактымды, энергиямды ушул балдар тобуна арнап жатам. Ошондуктан өзүмдүн чыгармачылыгыма көңүл бурууга убактым тар болуп калды. Менин жакшы көргөн ырым бар, акыркы ырларымдын бири десем болот. “Позитив” деп аталат. Ушул ырга күн жылыса жакшы клип тарттырсамбы деген планым бар.

-Азыркы чыгып жаткан ырчылардын көбү продюсер издешет, бирөөлөргө жаңы ырчыларга продюсер болоюн деген планыңызда жокпу?

-Азыр айланып келип эле кичинекей “KGтай” тобуна келип такалып атабыз. Кичинекей ырчылардын тобуна продюсер болуп жатам. Алардын репертуары, кийим-кечеги, иш-чараларын колума алып продюсерлик кылып жатам. Кичинекей ырчылар менен клип тарталы деген планыбыз бар. “KGтай” вокалдык топтун ичинен болобу же ушул топко катышкан кичинекей ырчыларыбыздын ичиненби бир-экөөнү тандап, продюсер болушум мүмкүн. Анткени алардын деле улуулары 15 жашка чыгып калышты. Бир-эки жылдан кийин алар деле эстрада жылдызы болуп калышы ыктымал.

-Жаңы чыгып келаткан ырчыларга көз карашыңыз кандай?

-Жаңы чыгып келаткан ырчылардын арасында албетте абдан таланттуу балдар бар. Ырчылык менен жашайм, ырчылык менин тагдырым, ырчы болуу менин кесибим, өмүр бою ырдайм деген балдар-кыздар бар. Абдан шыктуу, таланттуу, өнөрлүү жаштар бар, бирок тилекке каршы аз. Азыркы чыгып келаткан жаш ырчылардын 20-25 пайызы ошондой таланттуулар. Ал эми калганы компьютер менен үндөрун жаздырып алып ырдагандар. Азыр ырчы болом дегендер абдан көп. Негизи азыр чыгып келаткан муундун балким миссиясы ушундайдыр деп ойлойм. Аларды элге жеткирүү, угузуу албетте телевидение, радионун жумушу, алар электен өткөрүп сапаттууларды, таланттууларды чыгарса дейм. Бирок азыр кичине электен өтүп, иретке келип аткандай сезилет.

-Жеке концерт койсомбу деген планыңыз барбы?

-Жеке концертим бул юбилейлик концерт болчу. 2017-жылы чоң "Сахнада 25 жыл" деген концерт койдум. Ушунча жылдан бери ырдап жүргөн ырларымды башка аткаруучулар менен ырдап, ошол өзүмдүн шакирттерим “KGтай” тобундагы сынакта жеңүүчү балдар менен кесиптеш сахналаш достор, жаш ырчылар менен чогуу ырдап чыктым. Жакшы программадагы концерт болгон. Буюрса чыгармачылык өркүндөп турса жакшы концерттер дагы деле боло берет. Ал эми ушул жылы өзүмдүн жеке концертимди берем деген оюм азырынча боло элек. “KGтай” балдар долбоорунун балдары, биздин эстрада жылдыздары менен жакшы идея жаралып жатат, ошолор менен биргеликте жакшы концерт коелу деген жакшы пландарым бар.

- Кичинекей кызыңыздын музыкага шыктуу жагы байкалабы, анын ырчы, музыкант болушун каалайсызбы?

- Негизи кызымдын музыкага шыгы бар. Музыкалык жөндөмү, ритми баары ордунда. Чыгармачылыкка актерлук чеберчилик, хореография аркылуу келдик. Ага чыгармачылык абдан жагат. Мен ачкан таланттар мектебине сабакка келет. Ишемби, жекшемби күндөрү сабактарыбызга келип, ал жактан эки –үч образды жаратып, сахнага тайманбай чыгып жүрөт. Ырчы болом деген чоң каалоосу жок. Бирок биздин топтогу балдар менен катар ырдап жүрөт. Келечекте кандай болот аны убагында көрөбүз. Аны ырчы же музыкант болосуң деп кыйнабайм, өзүнүн тандоосуна коем. Бирок ага жол көрсөтүш керек. Эки жылдай пианиного барып жүрдү. Пианинодо ойногонду, ноталарды билет. Бирок эмнегедир анча кызыкпай койду. Мен да аны кыйнаган жокмун.

-Чыгармачылык менен баюуга болобу? Тойлорго ырдайсызбы?

-Тойлорго барып жүрөм. Бирок активдүү барбайм, бирок чыгам, ырдайм, жагат. Башында тойго барып ырдаганды анча жактырчу эмесмин. Себеби тойдо эл тамак жеп отурса ырдаганда башкача болчумун. Акырындап көнө түштүк окшойт баарыбыз эле. Азыр болсо бул күнүмдүк эле көрүнүш болуп калды. Азыр тескерисинче артисттер канча тойго барганы тууралуу мактангандай болуп калышты. Ошондон улам бул ийгилик турбайбы деп ойлоп калдым, себеби ырыңдын товары өтүп атса демек сен мыкты ырчысың дегендей. Той бизнеси өркүндөп атат, бирок терс жагы ырчылардын басымдуу бөлүгү тойго ырдап калышты. “Жар-жар” айтып, “той ыры” деп, “дасторкон”, “достор” деп, эми бул жакшы нерсе бирок, бийигирээк баалуулуктар, материялар экинчи планга өтүп, салмактуу, маңыздуу ырлардын товары өтпөй калгандай сезилип жатат мага. Тилекке каршы ырчылардын көбү тойго ырдала турган ырларды, бийге ылайыктуу ырдап калышты.Эми бул деле жакшы көрүнүш. Бирок, ары жагында бийик искусство кичине артка сүрүлүп калгандай таасир калтырууда. Ал эми чыгармачылык менен баюуга болобу деген суроого негизи болот деп жооп берем.Чыгармачылыкта жүрүп гастролдорго чыгып, концерттерди берип жакшы бутуна турган ырчыларыбыз аз эмес. Эми доллар миллионери болбосо да жакшы жашап жүргөн ырчыларыбыз көп эле. Бирок ошентсе да улуу муундун ичинде деле азыркыга чейин өзүнүн үйү жок ырчылар бар. Анын үстүнө улуу муун акча тапканды кечигип үйрөндүкпү билбейм. Ал эми айрым ырчылар жакшылап өнүгүп а түгүл бизнес ачып алгандар да бар. Элибиз жакшы жашаса чыгармачыл адамдар да спорчулар да өнүгө баштайт экен. Эл, экономика, өнүккөн өлкөлөрдө маданиятка кызмат көрсөткөндөр, спортчулар да жакшы жашашат экен.Биз деле өнүгөлү өсөлү, элибиз бай болсун, жергебизде тынчтык болсун,элибиз бай болсо биздин да иштер жүрүшө берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!