Алмаз Шаадаев үйлөнүү тойго даярданып, үй сатып алды

Алмаз Шаадаев үйлөнүү тойго даярданып, үй сатып алды
14-Март 2019, Бейшемби, 14:58

Жакында эле журналист кызга үйлөнөм деген ырчы Алмаз Шаадаев жаңы батирлүү болгонун белгилүү ММК булактарына кабарлаган.

Ырчы Алмаз Шаадаевдин айтымында буга чейин ал ата-энеси сатып берген үйдө жашаган. Эки жылдан бери үй сатып алуу тууралуу ойлонуп жүргөн экен. Бул үйдү алуу үчүн бир жыл иштеген. Ички жасалгасы да өзгөчө экенин баса белгилеп, оңдоо-түзөө иштерин да жасаган эмес, себеби үйдүн мурунку кожоюну айрым буюмдарын таштап кеткен. Үйлөнүп, балалуу болгончо ушул жакта жашап турам деген ниетин билдирген ырчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!